Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусу, Нарын 07.02.2019 08:55

Нарынга Индиянын Кыргызстандагы элчиси иш сапары менен келди (сүрөт)

Turmush -  Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок А.Димри мырза Нарын шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Элчи Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун кабыл алуусунда болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Димри мырза башкы максаты региондор менен тыгыз иштешүү экендигин белгилеп, Нарындын жаратылышына суктангандыгын билдирди.

Ошондой эле Нарын жергесинде Индия кинолорун тартуу, электр станциялары, минералдык ресурстар, элдердин байланышы боюнча программалары бар экенин айтып, жакында Каракол, Бишкек, Нарын шаарларында Индия фестивалдары ɵткɵрүлɵрүн, мындан сырткары бул жактын банк, медицина, IT технологиясы боюнча адистерин 3 жумадан 6 айга чейинки курстарга катышуу үчүн Индияга жиберүү программасы жүзɵгɵ ашарын билдирди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов өз кезегинде эки элдин ортосундагы маданий, экономикалык байланышты бекемдɵɵдɵ элчинин кɵп аракети керектигин, ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан колдон келишинче колдоо кɵрсɵтүлɵрүн айтты. Ошондой эле Нарын шаарында Индия кинолору тартылса туристтерди тартканга мүмкүнчүлүк түзүлɵрүн белгилеп, медициналык жабдуулар жагынан жардам болсо, окуу жайларда Индия борборлору ачылса жакшы болорун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×