Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуАк-Талаа району 07.02.2019 08:15

Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылында кийиз жасоо цехи ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында кийиз жасоочу цех ачылып, 5 адам жумуш орду менен камсыз болгондугун айыл өкмөт башчысы Кенжебай Бейшенкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) финансылык колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУнун «Дүйнөлүк азык-түлүк» долбоору тарабынан 1 млн 521 миң 419 сомго жүн тытуучу, кийиз жасоочу жабдыктар жана жумуш учурунда пайдалануучу атайын формалар алынган.

Айыл өкмөт башчысынын айтымында, учурда кийиз жасоо цехине 5 жумушчу кабыл алынган. Жетекчилигине айылдын фермери Мирбек Бектенов айыл өкмөтү тарабынан дайындалды.

«Кийиз жасоо цехи жогоруда айткан эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен ишке ашты. 5 адам жумуш орду менен камсыз болду. Мунун ичинде үчөө аял, экөө эркек. Алардын бири — социалдык жардамга муктаж адам. Себеби, аталган долбоордун эрежеси боюнча социалдык жардамга муктаж адам ишке алынышы керек экен. Бул долбоордун өзгөчөлүгүн айтсам, буга чейинки ишке ашкан долбоорлор түзүлгөн жамааттарга берилип келген болсо, азыркы долбоор же тактап айтканда кийиз жасоо цехи айыл өкмөттүн карамагында болот.

Жетекчисин айыл өкмөт башчысы дайындайт экен. Цехтин алгачкы ишти баштоосуна каражат жумшоого мүмкүнчүлүгү бар жана кой чарбасы менен алектенген Мирбек Бектенов аттуу фермерге ишеним көргөзүп, ал адамды жетекчи кылып дайындадык. Ал эми жүндү канча сомго тытып берет, кийизди канча сомго жасайт, азырынча бул бааларды беките элекпиз. Цех күн жылыганда ишке кирет. Атайын технолог келип жумушчуларды окутуп кетет. Ал эми цехтен түшкөн каражат айыл өкмөттүн бюджетине кошулат. Андан соң жумушчулардын айлыгын ошол каражаттын эсебинен төлөп беребиз. Азырынча каржы маселелери чечиле элек», - деди айыл өкмөт башчысы К.Бейшенкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×