Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 06.02.2019 14:43 На русском

«Үндөр мүрзөгө чейин жетелешет»: Шизофрения менен жабыркаган А.Адигинеевдин тагдыры

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Акжол Адигинеев 2-топтогу майып. Алган пенсиясы 3000 сом. Учурда ал дары-дармекке, тамак-ашына жетпеген пенсиянын көзүн тиктеп отурат. Көмүр алууга акчасы жок жана 27 жыл мурда салынган үйү кулап калуу коркунучунда турат.

Акжол Адигинеев 1966-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ошол эле айылда №1 орто мектебин аяктап, курулуш тармагында 6 ай эмгектенген. Андан соң аскерге чакырылган. 1984-жылы 19 жашында 9 ай аскерде болуп, 3 ай ооруканада дарыланган. Айылга келгенде дарыгерлер ага шизофрения (психикалык оору) деген диагноз коюшкан. Бул оорунун айынан ал адамдарга кол салып жиберген убактары болгон. Мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн Акжол Адигинеев өзүн-өзү кармап, намаз окуп, дем салдырып турат.

«Аскерде жүргөндө туугандарым мага “апаң ооруп жатат” дегенде сүйлөбөй калдым. Апам №20 жол тейлөө ишканасында кароолчу болуп иштечү. Ал жактан жетекчисинин кымбат, баалуу радиомагнитофонун уурдатып жиберип, 2 ай бекер иштеп ооруп калыптыр. Келсем апам аман экен.

Аскерден келгенден кийин курулушта иштедим. 1991-жылы пенсияга чыктым. Үйдө жатып эле жазында жана күзүндө оорум кармайт. Кулагыма үндөр угулат. Ооруганда мүрзөнү аралап кетип калам. Ошол жакка бар деп азгырат. Көрсө ал – шайтан экен. Ал адамдын жакындарына окшоп келет дагы азгырат экен. Мындан улам дем салдырып, намаз окуп, келме келтирем», - деди ал.

Анын атасы 100 жашка чыгып кайтыш болгон.

«Кээде көчөдөн чачтарын жайып, саксайган балдар же кыздарды көргөндө жиним келип, өзүмдү кармай албай калам. Аларды таш менен чабам. Анын айынан милиция кызматкерлери ооруканага жеткиришет. Кээ бир убакта Чым-Коргондо дарыланам. Жазында чөп чыкканда кармайт.

Азыр 3000 сом пенсия алам. Ал акча көмүр алууга, тамак-ашка жетпей калып жатат. Пенсияны көбөйтүп беришсе жакшы болмок. Пенсиянын көзүн карап отурам. Атам 100 жашка чыгып каза болгон.

2012-жылдан бери намаз окуйм. Мечитке барбай калсам ооруп калам. Молдого дем салдыртсам, тынч болуп калам. Келме келтирип, ачуумду келтирбөөгө, ооруканага жатпоого аракет кылам», - деди ал.

Учурда жалгыз жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×