Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуНарын району 06.02.2019 12:56

Нарындагы унаа жолдорго инерттик материалдар себилүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарында жолдор тайгак болуп, инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Маалым болгондой, 5-6-февраль күндөрү кар жаап, жолдор тайгак болгондуктан унаа кырсыктарын алдын алуу максатында Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол тейлөө мекемелерине кооптуу жолдорго инерттик материалдарды себүү боюнча көрсөтмөлөр берилген. Анын аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүлдү. Ошондой эле жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына ашуулардан дөңгөлөк чынжырларын тагуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×