Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусу, Нарын 06.02.2019 09:36

Нарында майыптарга арналган үйдү муниципалдык менчикке алуу чечими колдоо тапкан жок

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын (14-чакырылыштагы) кезексиз 20-сессиясы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Күн тартибине коюлган Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маселе каралып, Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курмановдун маалыматы угулуп, депутаттардын кызуу талкуусуна алынды. Талкуунун жүрүшүндө сессияга катышкан эл өкүлдөрү өздөрүнүн сунуштарын билдирип, каралып жаткан маселеге добуш беришти. Анда 10 депутат каршы, 4 депутат макул деген добуш беришсе, 6 депутат калыс болушту.

«Турак үй толук бүтө элек, айланасын тосуу иштери аягына чыга элек жана майыптар үчүн пандус коюлган эмес. Ошондуктан ушул чечимди кабыл алдык», - деп билдиришти эл өкүлдөрү.

Ошондой эле эл өкүлдөрү айрым үй-бүлөдөгү мүчөлөрдүн ар бирине (аялына жана күйөөсүнө) үй берилип калгандыгын айтышты.

Аталган 2 кабаттуу турак үй бир бөлмөлүү он батирден турат. Анын курулушуна өлкө казынасынан 15 миллион сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×