Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 06.02.2019 09:13 На русском

Нарында суу канал ишканасынын жаңы имараты курулду

Turmush -  Нарын шаарында «Нарын суу канал» ишканасынын заманбап үлгүдөгү жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлүп, суу тазалоочу лабораторияны оңдоо жумуштары аяктап калды. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси А.Ибраев билдирди.

Жаңы имараттын курулушуна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 85 миң евро бөлүнгөн.

«Учурда имараттын курулушунун ички жумуштары бүткөрүлүп, лабораторияны оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×