Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуЖумгал району 06.02.2019 12:30

Көлдөгү Көтмалды шаарынын аталышына себепчи болгон молдокелер. Элдик уламыш

Turmush -  Кыргызстанда жалпысынан чоң жана кичине 31 шаар бар. Алардын бири — Балыкчы шаары. Бул шаардын эски аты Көтмалды болгон.

Тарых изилдөөчү Мурат Дордолаев Көтмалды деп аталган аймак азыр кандайча Балыкчы болуп калганы тууралуу баяндап берди.

Археологиялык табылгалар боюнча Балыкчынын тегерегинде же болбосо Ысык-Көлдүн батыш тарабында эзелтеден адам баласы жашап келгени аныкталган. Бул аймак Көтмалды деп атала башташы XIX кылымга барып такалат. Ал кездеги Кокон хандыгы бир нече жыл бул жерди басып алып, Көтмалды аскердик чебин курган. Кийин аны Ормондун колу талкалагандан кийин элдер бул жерден көчүп кеткен.

Кийин 1870-жылдары орустар бул жерге келип, өздөштүрө баштаганда аз-аздан эл отурукташып, Көтмалды почта-станциясы түптөлгөн.

Негизинен Көтмалды деп атылышынын 3 божомолу бар. Биринчиси азыркы Балыкчы шаарынын тарыхый аты Куу Токой деп аталган. Таш-Сарай, Семиз-Бел, Туура-Суу аймактары аркылуу малды Куу Токойго айдап келип сатып жүрүшкөндүктөн бул жер — Көп малдуу кыштагы деп аталып калган. Анжияндан бери келген көпөстөр товарларын малга алмашып кетип турушкан. Кыштоо ортомчуларга дагы ыңгайлуу болгондуктан, аймактагы ири базар ушул жердин элинин коопсуздугуна шарт түзүп, айылдын түптөлүшүнө негизги өзөк болгон.

Ал эми Көтмалды деген сөздүн чыгышы тууралуу айтсак. Ошол кездерде мал сатууга эң ыңгайлуу базардан өтпөй калган малдарын жергиликтүү калк ээлеринен эң арзан баага сатып алып калышкан. Ичи күйгөн саяк уруусунун өкүлү Семиз-Бел аркылуу Таш-Сарайга түшүп келе жатканда бир киши «саяк кайда баратасың малың менен?» деп суроо берген. Ал тамаша иретинде ичи күйүп «мен сарбагыштын көт малдысына баратам» деп жооп кайтарган. Ошондон кийин аталган аймак Көтмалды деп аталып калган дешет.

Архивдик сүрөттөр

Ал эми экинчиси, 1842-жылы сарбагыш, бугу, солто, саяк, саруу, черик урууларынын төбөлдөрү Кызыл-Токойдогу, азыркы Балыкчы шаарына жакын Кызыл-Саз деген жашыл майсаң түздүктөгү топ жыйында Ормонду ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Жыйынга келген ак сакал, көк сакалдар намазга жыгыларда чөгүн көпчүлүккө жеткен эмес. Ал жердегилер майда чөөттөрдөн даарат ал дешкен. Намаз окугандар көл жээгинде даарат алып жатышканда сууга көчүктөрүн малып турганга окшоп көрүнүп калган. Ошондуктан Көтмалды аталган деген божомолдор да бар.

Үчүнчү себеби, уламыш боюнча айтылып жүргөндөй, мурда Ысык-Көлдөн суу агып чыгып турган. Ал Чүй дарыясына барып куйчу экен. Сууну атчан кечип өткөндө, суунун деңгээли атты үстүнө чейин жеткен. Тактап айтканда адам минип турган жерине, көчүк-жамбашына чейин жеткен.

1876-жылы Көтмалды станциясына жакын жерге Верный шаарына С.Е. Дмитриев келип, Кызыл-Сазга жылкы заводун уюштурган. Заводдо балык кармоо, тактай тилүү, карагайларды баркас менен Жети-Өгүздөн сүйрөп келүү жумуштары аткарылган. Бир нече үй-бүлөдөн турган чакан айыл Ново-Дмитриевск деп аталган. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири – Михайил Бачин. Ал Нарындагы гарнизондо кызматын өтөп бүткөндөн кийин кайра Верныйга барбай, 1884-жылдын күзүндө Балыкчынын Кызыл-Сазында калган.

Нарындан келе жатканда Кызыл-Саздагы кыргыздын чатырына келип туруп калат. Көл жээгиндеги балыктардын көптүгүн көрүп, алачыктын ээси менен тил табышып, эртеси саздын чым көңүнөн кыш тилишип, кепе тургузушкан. Кыргыз, орустун өкүлдөрүнүн колунан жаралган эң алгачкы үйлөрдүн айланасы акырындык менен кеңейип, орустар аны рыбак Бачин дешсе, кыргыздар балыкчы Бачы атка кондурушкан.

Ошентип, эки адамдын атын алып жүргөн Ново-Дмитриевск жана Бачин кошулушуп, Рыбачьеге айланган. Бирок кыргызчасы Көтмалды – өзөндүн, жердин, сепилдин аты да тигилер менен кошо өмүрүн узарта берген.

1907-жылы поселок Бачино деген наамга ээ болсо, андан көп убакыт өтпөй 1909-жылы Рыбачье деген атка айланат. 1909-1914-жылдардагы жарыяланган маалыматтар боюнча, шаардын ордуна калк отурган бир гана пункт көрсөтүлгөн. Бирок ал да Көтмалды, Ново-Дмитриевск, Бачино жана акырында Рыбачье деген ар түрдүү наамда берилген. Бачино айылы поселокко 1909-жылы айланган жана географиялык картага түшүрүлгөн. 1914-жылы чыккан Жети-Суу областынын жазуусунда Бачинск топоними пайда болот. 1916-жылдан Бачинск айтылбай, Рыбачье поселугунун аты элге тарайт.

1931-1960-жылдары Балыкчы районунун борбору катары кызмат кылган. Рыбачье кыштагы 1954-жылы шаар макамын алган. 1989-жылы Рыбачье Ысык-Көл шаары аталды. Башка мезгилдеги аталыштарга салыштырганда анын өмүрү эң эле кыска болгон. 1992-жылы тарыхый Балыкчы топонимине ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×