Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 05.02.2019 16:56

Кара-Бүргөндө спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу демилгесин колдогон соодагерлер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы соодагерлерге ыраазычылык каттар ыйгарылгандыгын активист Кубан Абдыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда жаштардын демилгеси менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып, 130 миң сомдук спирт ичимдиктери соода жайларынан алынган эле.

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууга каршылык кылбай, жаштардын демилгесин колдоп берген соодагерлерге жергиликтүү коомдук бирикме тарабынан ыраазычылык кат жана сатыктан алынып салынган спирт ичимдиктеринин каражаты тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×