Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 05.02.2019 16:09 На русском

Билим берүүдөгү кемчиликтер, бүтпөгөн курулуштар… Нарындагы коллегияда айтылган сындар

Turmush -  Нарын облусунда 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча коллегия болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 4-февралда жыл жыйынтыктоочу коллегияга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкери Памир Керимов, дубан башчысы Аманбай Кайыпов, анын орун басарлары, акимдер жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйын алгач 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча чакан тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан кийин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары социалдык-экономикалык тармактар боюнча жалпы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип өтүштү. Андан соң суроо-жооптор башталып, облустагы билим берүүнүн деңгээлинин төмөндөшү, дотациянын көлөмүн азайтуу, социалдык объектилердин абалы, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, ички жана тышкы мигранттардын абалы, айыл чарба тармагы, мал чарбачылыгындагы ветеринардык клиникалардын толук салынып бүтпөй жатышы, туризм тармагын өнүктүрүү жана жолго салуу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Биринчи вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билим берүүдө кемчиликтер болуп жатканын, облустагы бүтүрүүчүлөрдүн 50 пайызы гана жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан жогору алгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле Нарын облусу туристтерди тартууда потенциалы чоң экендигин айтты. Мындан тышкары өкмөт тарабынан Нарын облусунда 2019-жыл аралыгында бир катар иштер аткарыла тургандыгы боюнча кеңири баяндама жасады.

Коллегиянын соңунда токтом кабыл алынып, айрым мекеме-ишканалардын жетекчилерине сунуш, эскертүүлөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×