Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуЖумгал району 05.02.2019 13:41 На русском

Жумгалдагы мугалим өтпөгөн сабактары үчүн журнал толтурган. Ал жумуштан кетти

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин мугалими журналды туура эмес толтурганы аныкталып, жумушунан алынды жана мектеп директоруна сөгүш, окуу бөлүмүнүн башчысына эскертүү берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган мектептин айрым мугалимдери тарабынан адилетсиз иш болуп жатканы жана мектеп директору Акылай Жумалиева коңшу Көк-Ой айылында жашаган бир тууган жеңеси — 65 жаштагы мугалим Сонун Сатиеваны жогорку класстын алгебра мугалими кылып жумушка алганы тууралуу билдирүү келген. Бул билдирүүдө айтылгандай, С.Сатиева 2018-жылдын ноябрь айында жумушка чыкпай, алгебра сабагын такыр өткөн эмес. Бирок ал сабак өтпөсө да өттүм деп, журналды туура эмес толтуруп эмгек акысын алган.

Аталган мугалимдердин айтымында, С.Сатиеванын ден соолугуна байланыштуу эмгекке жарамсыздык баракчасы (больничный бюллетень) болгон.

Мектеп директору А.Жумалиева бир тууган жеңесин аталган мектепте алгебра мугалиминин жоктугунан ишке алганын айтты. Буга чейин бул айылга жакын Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы орто мектебинин алгебра мугалими Элмира Кылычбекова убактылуу келишим менен айкалыштырып иштеп жүрүп, директор алмашкандан кийин жумуштан четтетилген. Кылычбекова ал мектепте 7 жылдан бери сабак берчү.

«Жеңем С.Сатиева убактылуу ишке жарамсыз болгон учурда, 2018-жылдын 14-15-21-ноябрь күндөрү мугалимдер Смадиярова, Сагынбеков, Жумалиевалар алгебра сабагынын ордуна өз предметтерин өтүшкөн. Алгебрадан мугалим жоктугуна байланыштуу С.Сатиева 2018-жылы 22-декабрда ишке чыгып, 23-ноябрдан 30-ноябрга чейинки аралыкта Жумалиева, Смадиярова, Сагынбековдордун сабагына кирип, өзүнүн сабагын өтүп, программаны кубалап жеткен. Бирок журналды убагында өткөм деп туура эмес толтуруп алган экен. С.Сатиева Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинде декреттик өргүүдөгү мугалимдин ордунда убактылуу келишим менен иштеп келген. Ал эми бизде убактылуу айкалыштыруу (почасовая) менен келишимдик негизде иштечү. Жумушка жарамсыздык баракчасы С.Турусбеков атындагы орто мектебинен ачылган. Болгону директорлук кызмат башкаларга керек болуп, ушундай ызы-чуулар жаралып кетти», - деди А.Жумалиева.

Ал эми Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева буларга токтолду.

«Мугалимдин журналды туура эмес толтурганы аныкталды. Мектептеги башка мугалимдердин жазган түшүнүк катында алгебра мугалими С.Сатиева мурда өтпөгөн сабактарын кийин жумушка чыкканда кайрадан өткөндүгү айтылган. Учурда журналды туура эмес толтургандыгы үчүн С.Сатиеванын келишими бузулуп, жумуштан бошотулду. Мектеп директоруна жана окуу бөлүмүнүн башчысына тартиптик чара көрүлүп, мектеп директору А.Жумалиевага сөгүш берилип, окуу бөлүмүнүн башчысына журналды туура көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн эскертүү берилди.

С.Сатиева болсо Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинде 2018-жылдан 4-сентябрынан тарта келишим менен айкалыштырып (почасовая) сабак берип келген. Ал эми Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинде болсо толук (9 сааттык) сабак берген мугалим Зулайка Момунбаеванын ордунда иштеп жүргөн. Ал мугалим декреттик өргүүдө болгон. Момунбаева 17-декабрь күнү жумушка кайрадан чыгары менен Сатиева жумуштан бошоп, 20-декабрда Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектебине барып жумушка кирип иштеп жаткан. С.Сатиева негизинен С.Турусбеков атындагы мектебинде 1977-жылдан бери иштеп, пенсияга чыккан. Пенсия куракта болгон соң бирөөнүн ордунда келишим менен иштеп жүрчү. Азыр мугалимдерди жумушка алуу, кетирүү бардыгы мектеп директорлорунун колуна берилген. Буйруктар директор тарабынан чыгат. Биз аларды үстүнөн көзөмөлдөп, кээ бир учурларда комиссия, текшерүүнүн чечими менен кызматтан алуу сунуштарын берип келебиз», - деди Ф.Өмүралиева.

Ф.Өмүралиева: «Эгер мугалим жетишпей жатса, пенсионер мугалимдерди жумушка алса болот. Ошондой эле пенсионер мугалимди жумуштан чыксын деген мыйзам жок. Директорлор пенсионер мугалимдерди жумушка 1 жылдык же белгилүү бир мөөнөт менен келишим аркылуу алса болот. Азыр бардык мектептерде пенсионер мугалимдер көп. Биз жаш мугалимдерге орун бошотуш үчүн өткөн жылдан тарта пенсионер мугалимдер менен мөөнөттүк келишимдерди түзүп, иштешип келебиз», - деп кошумчалады.

4-февралда Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин директору айкалыштырып сабак өтүүгө уруксат берүү жана математика мугалимин кабыл алуу боюнча буйрук чыгарып, коңшу айылдагы К.Акиев атындагы орто мектебинин мугалими Элмира Кылычбекованы кабыл алды. Бирок Э.Кылычбекова бул буйрук боюнча маалыматы жок экендигин жана эч ким кабарлашпаганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×