Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусу, Нарын 05.02.2019 08:07 На русском

Сүрөт — Нарында «Мисс, Мистер 2019» сынагы өтүп, жеңүүчү жигит менен кыз Дубайга жолдомо утту

Участники конкурса «Мисс Нарын» и «Мистер Нарын»
Участники конкурса «Мисс Нарын» и «Мистер Нарын»
// Turmush

Turmush -  3-январда Нарын шаарында «Мисс, Мисстер 2019» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сулуулук сынакка Нарын шаарындагы орто мектеп жана колледждин атынан чыккан кыздар жана балдар катышты. Берилген тапшырмаларды таамай аткаргандыгы үчүн жигиттер арасынан Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Эльдар Уланбеков «Мисстер 2019» наамын жеңип алды. Эльдар Уланбеков Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиевдин уулу.

Ал эми кыздар арасында баш байгени Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучу Аяна Жолоева утту. Ал буга чейин да ар кандай сынактарда жеңүүчү болгон. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Жеңүүчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына 1 жумага эс алууга жолдомо утуп алышты. Ошондой эле башка катышуучуларга Казакстандын Алмата шаарына бекер саякатка барууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×