Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 04.02.2019 17:31 На русском

Жыйын: Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында спирт ичимдиктерин саткандарга 10 000 сом айып пул салынат

Turmush -  Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында спирт ичимдиктерин сатуу токтотулат. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Назира Чыкын кызы аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 2-февралда аталган айылда жергиликтүү тургундардын демилгеси менен спирт ичимдиктерин саттырбоо маселеси боюнча жыйын өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө спирт ичимдиктеринин коомго жана адамдарга тийгизип жаткан терс таасирлери айтылды. Жыйындын соңунда соодагерлердин өтүнүчү эске алынып, соода жайларында сатыкта турган спирт ичимдиктерин 1-мартка чейин сатып түгөтүп, андан ары спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынмай болду.

Ошондой эле атайын коомдук комиссия түзүлүп, алар спирт ичимдиктерин сатууга каршы көзөмөл жүргүзмөй болушса, айылдагы коомдук уюмдар башка айылдардан спирт ичимдиктерин алдырып келип ичкендерге көзөмөл кылмай болушту. Ошондой эле спирт ичимдиктерин саткан жашоочуларга 10 миң сом айып пул салынары эскертилди. Бул иш боюнча айыл өкмөт жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан протокол түзүлүп, токтом чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×