Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 04.02.2019 16:56

Ак-Талаада айылдар арасында ордо оюну уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  3-февралда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында айылдар аралык ордо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан ордо мелдешинде 1-орунду «Ак-Кыя-2» командасы, 2-орунду Терек айылынын командасы, 3-орунду Баетов айылынын командасы камсыздашты.

Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул мелдеш «Шерине» аталышындагы спорттук оюндардын алкагында өтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×