Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуНарын району 04.02.2019 15:58

Рейд: Нарын облусунун аймагында 19 кылмыштын бети ачылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын ОИИБ тарабынан Нарын облусунун аймагында 30-31-январь күндөрү масштабдуу өткөн «Укук-Тартип» ыкчам алдын алуу иш-чарасында 19 кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагында жалпы 19 кылмыш ишинин бети ачылган, алардын арасында уурдоо жана тоноо кылмыштары бар.

Нарын шаарынан 4 кылмыш иши (3 уурдоо жана 1 тоноо), Ак-Талаа районунан 3 кылмыш иши (2 уурдоо жана 1 мыйзамсыз ок атуучу куралдын алынышы), Жумгал районунан 1 кылмыш иши (уурдоо) Кочкор районунан 10 кылмыш иши (2 уурдоо, 8 алдамчылык), Нарын району боюнча 1 кылмыш иши (уурдоо) катталды.

Мындан тышкары дайынсыз жоголгон малдарды ээлерине кайтарып берген учурлар болгон.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте жалпы 15 май куюучу жайлар текшерилип, коопсуздугун камсыз кылуу керектиги эскертилди.

Облус аймагындагы жүк жана жүргүнчү ташуучу унаалардын жана маршруттук каттамдардын ээлери менен жолугушуулар өткөрүлүп, жалпы 736 автоунаа текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө 95 бузуу протоколдору түзүлгөн. Алардын ичинен транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, техникалык кароодон өтпөгөн унаалар, коопсуздук курун тагынбоо, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу, жол кыймылынын эрежелерин бузуу, жол чырактарына баш ийбөө жана 1 мас абалында унаа башкаруу боюнча протоколдор түзүлгөн. Жалпы 203 миң сом айып салынып, анын 2 миң сому өндүрүлгөн.

Нарын облусу боюнча ЖКККБ менен биргеликте Бузуулар кодекси менен иш алып барган ыйгарым укуктуу органдар тарабынан 4 протокол толтурулган. Транспорт министрлигине караштуу Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгы тарабынан күңүрттөлгөн транспорт каражатын айдоо (тонировка) боюнча 4 протокол түзүлүп, жалпы 12 миң сомдук айып салынды. Автомобиль транспорту менен жүк ташуу эрежелерин бузуу боюнча 1 протокол түзүлүп, жаза чарасы катары 3 миң сом айып салынган.

Ошондой эле жарты жетим, томолой жетим балдарды камкордукка алууга карата 18 миң 201 адам текшерилип, 277 өспүрүм ички мигранттардын жана 541 өспүрүм тышкы мигранттардын балдары экендиги такталган. Мындан тышкары Нарын шаарынын аймагында баш калкалоочу жайы жок 3 адам аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×