Ак-Талаада кызматкер айымдар волейбол жана кол күрөшкө түшүштү (сүрөт)
Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мекемелерде иштеген кыз-келиндер арасында спорттун 2 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана кол күрөш түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин командасы, 3-орунду Баетов айылынын «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын командасы камсыздашты.
Ал эми кол күрөш боюнча 1-орунду Айгүл Жапаркулова, 2-орунду Нургүл Алымбаева, 3-орунду Атыр Жыргалбек кызы ээлеген. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.