Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуАк-Талаа району 04.02.2019 12:26

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы тургундардын 11 баш кою уурдалды

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында мал уурулук күч алып жаткандыгын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди. Маалым болгондой, аталган айылда мал уурулар пайда болуп, акыркы 3-4 ай ичинде жергиликтүү тургундардын короосунан 11 баш кой уурдалган.

Айыл тургуну Адил Бейшеналиев мындан 15 күн мурун короосунан 1 токту (2 жаштагы уургачы кой баласы) уурдатып жиберген.

«15 күндөй убакыт болуп калды. Күндүз эле короомдон бир баш козум жоголду. Өзүм жумуштап бир жакка чыгып кеткем. Түнкүсүн кепеге киргизип бекитип коём. Түндө уурдай алмак эмес болчу. Ал эми күндүз малдарыма чөп салып, короого чыгарып койчумун. Меникинен башкалардыкын дагы короосунан эле уурдап кетип жатышат. Айылда 10 жылдан бери эле туруктуу жашап, иштеген аймактык милиция кызматкери жок. Келип-кетип, алмашып жатат», - дейт А.Бейшеналиев.

Ошондой эле түн ичинде 1 баш коюн уурдатып жиберген Кубан Абдыбеков буларга токтолду.

«31-январь болчу. Биз конокко кеткен элек. Койлорум короодо эле. Болжол менен саат 23:30 чамасында үйгө келсек дарбаза ачык, эшиктин алдындагы көчө чырагы дагы өчүп калыптыр. Буга чейин айылда койлорду короодон эле уурдап жатышканын уккам. Толуктасам 1 баш коюм жок экен. Койду эшиктин алдынан көтөрүп чаап, туяктарын байлап туруп атка өңөрүп кетишиптир. Эки аттын изи бар экен. Демек ууру жалгыз эмес, экөө экендигин билүүгө болот», - деди К.Абдыбеков.

Ал РИИБге арыз жазып кайрылгандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×