Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуНарын району 04.02.2019 09:30 На русском

Жаш талант: 5 жаштагы нарындык Намыс шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Turmush -  Нарын районундагы Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын 5 жаштагы тургуну Намыс Токтаалиев шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы чемпионатында бардык атаандаштарын артка калтырды. Ал 5 жаштагылар арасында чемпион болуп, алтын медаль тагынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чемпион учурда «Чоң-Эне» балдар бакчасында тарбияланат. Үч жашынан тарта шахмат ойной баштаган.

«Үйдөгүлөр шахмат ойногондо алар менен бирге шахмат ойноп жүрүп, кызыгуусу арткан. Анын шахмат ойноп калышына чоң атасынын таасири күчтүү болгон», - дейт апасы Майрам баласынын жеңишине толкундана.

Намыс буга чейин да райондук, облустук мелдештерде ийгиликтерге жетишкен. Өткөн жылы А.Карповдун кубогуна арналган турнирде 3-орунду багындырган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын уулусу, өзүнөн кийин карындашы бар. Атасы Нурдин Токтаалиев машыктыруучу, апасы Майрам айыл өкмөттө адис болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×