Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуНарын району 01.02.2019 17:06

Нарын районунда өткөн жылы 5 бала асыроого берилген

Turmush -  Нарын районунда 5 бала асыроого берилип, 13 бала камкорчулукка алынган. Бул тууралуу райадминистрациядан билдиришти.

Нарын районунда 2018-жылы 5 бала багып алууга берилсе, 13 балага камкорчу, эки балага көзөмөлчүлөр, 9 балага убактылуу көзөмөлчүлөр дайындалган. Ал эми бир бала үй-бүлөгө кайтарылып, 3 бала балдар борборуна жайгаштырылды. Ар кандай себептер менен документ ала албай жүргөн 28 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди. Ошону менен бирге бир ата-эненин ата-энелик укугуна чек коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×