Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 01.02.2019 10:24

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 1-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Нарын шаарында эмерек жасоочу цехтен өрт чыгып, анын кесепетинен 40 чарчы метр бөлмөсү күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Оштогу Кара-Суу районунун Нариман айылында турак үйдүн 25 чарчы метр бөлмөсү толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×