Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуНарын району 01.02.2019 09:23

Суукка карабай дарыядан алтын чайкап, үй-бүлө баккан эки-нарындыктар. Видеорепортаж

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылынын тургундары -30 градус суукка карабай, чоң дарыядан алтын чайкап киреше таап келишет.

Айыл тургуну Чынтемир Дүйшөналы уулунун айтымында, жумушсуздуктун айынан айылдагы жаштардын көпчүлүгү аталган жумуш менен алектенип, үй-бүлөсүн багышат.

«Айылыбызда жумуш жок. Өкмөттү эле карап отурбай, биз айылдын жаштары минтип күздөн тарта кыш аяктаганга чейин ызгаар суукка карабай, Нарын суусунан алтын чайкайбыз. Айыл тургундары ушул иш менен кичине болсо дагы сезон учурунда каражат таап, үй-бүлөсүн багат. Суу муздак, бирок атайын суу өткөрбөгөн кийим кийип алабыз. Бизде жашоо силер көрүп тургандай», - дейт ал.

Каарманыбыз айылдаштары жана достору болуп учурда алтын чайкап жатат. Күнүгө жумушка келгендей таң эртеден кечке чейин иштешет.

«Бул жакта учурда айылдаштарым жана досторум болуп 4-5 киши иштейбиз. Негизи эле биздин айылдагылар алтын чайкаган жагынан тажрыйбалуу эле болуп калдык. Жашообуз ушул иш менен эле оңолуп келе жатат десем болот. Былтыр кышы бою бул иш менен алектенип, каражат таптык. Кудайга шүгүр, көп эмес, аз эмес. Эртең менен эрте келип, кечке жуук кайра кайтабыз.

Мында дээрлик жаштар иштейбиз. Тапканыбызды дагы баарыбызга бирдей бөлөбүз. Эки киши суунун ичинен майда таштарды чыгарып берет. Сыртта калганыбыз алтынды чайкайбыз. Кезектешип, сууга киребиз», - деди ал.

Анын айтымында, алтындын 1 граммы 1900 сом.

«Кыйналып тапкан алтындын баасы деле жогору эмес. Бир граммы 1900 сомдон болуп жатат. Алуучулар көп болгон учурларда 2000 сомдон же андан ашыгыраак бааланат.

Алтындын табылышы дагы ар кандай болуп калат. Буйруктан деп айтып коёт эмеспи. Кээде аябай жакшы болот, кээ бир күнү такыр эле жок болуп калат», - дейт Чынбемир Дүйшеналы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×