Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуЖумгал району 31.01.2019 14:37

Тойчубек Мурзакматов жетектеген Жумгал райондук суу чарба башкармалыгындагы аткарылып жаткан иштер (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал райондук суу чарба башкармалыгы алгач 1935-жылдын башталышында Кыргыз АССР суу тармактар бөлүмүнүн ичинен Жумгал суу тармактары болуп уюшулган. Мезгилдин талабына жараша адегенде 1937-1946-жылдары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин базасында суу чарба бөлүмү, 1946-1948-жылдардан баштап Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын астында бөлүм болуп уюшулуп, 1960-жылдан тартып өзүнчө суу чарба башкармалыгы болуп иштеп баштаган.

Башкармалыкты Мурзакматов Тойчубек Тобокелович 2009-жылдан бери жетектеп келет. Ал 1956-жылы туулган. Билими жогорку, Кыргыз айыл чарба институтун 1980-жылы бүтүп, инженер-гидротехник кесибин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1985-1991-жылдары Жумгал КМКда (Кыймылдуу механикалаштырылган колонна) мастер-прораб;
- 1991-1993-жылдары ушул эле мекемеде директордун орун басары;
- 1993-1997-жылдары «Мүрөк» ассоциациясынын директору;
- 1997-1998-жылдары Жумгал районунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инспектор;
- 1998-1999-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук башкармалыгында башчынын орун басары;
- 2000-2003-жылдары ушул эле агенттиктин Бишкек шаардык башкармалыгындагы инспекциялык көзөмөлдөө кызматынын башчысы болуп иштеген;
- 2003-2004-жылдары Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында инженер;
- 2004-2009-жылдары Жумгал райондук суу пайдалануучулар ассоциациясынын колдоо бөлүмүнүн кооринатору болуп эмгектенген;
- 2009-жылдан тарта Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келет.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Учурда Жумгал району боюнча 18453 га суу баскан аянт бар, анын 13047 га жери суу пайдалануучулар ассоциациялары жана айыл өкмөттөрү тейлейт. Калган 5406 га жерди райондук суу чарба башкармасы сугат суусу менен камсыз кылат. Ошондой эле райондо 756,5 км канал, 4 насостук станциясы, көлөмү 100 миң метр куб болгон 5 суу сактагыч жана 12 кичи суу сактагыч (БСР) бар. Мекеменин карамагында Чаек-1, Чаек-2 жана Кара-Кече насостук станциясы бар. Бардыгы 1507 га жерге суу берет. Насостук станцияларды үзбөй такай иштетүү максатында, акыркы 3 жылдан бери жыл сайын 300 миң сомдун жумуштары жасалып турат. Негизи район аймагындагы ирригациялык системалар бүт бойдон капиталдык оңдоону талап кылат.

Райондогу суу баскан аянттарга суу жетишсиздигинен улам жыл сайын 3000 га ашык аянт айдалбай келет. Бул маселени чечүү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан 2017-жылы 21-июлда №440 токтому кабыл алынган. Бул токтомдо ирригацияны өнүктүрүү боюнча 2017-2026-жылдарга программа кабыл алынган. Бул программада 65,7 миң га жаңы жерлерди өздөштүрүү, 51,6 миң га суу баскан жерлерди суу менен камсыз кылуу көрсөтүлгөн. Буга республика боюнча 45 объект кирген, анын ичинен Жумгал району боюнча 3 объект кошулган.

Алар:

- Баш-Кууганды айылындагы «Дыйкан» суу сактагычы, сметалык баасы 61 млн сом, учурда толук оңдоодон өтүп пайдаланууга берилди.

- Кызыл-Жылдыз айылындагы Кара-Дөбө суу сактоочу жайы. 50 миң метр куб көлөмдөгү суу сактагычтын долбоору 57 млн сом, учурда курулуш иштери башталды.

- Түгөл-Сай суу сактоочу жайы. 3,5 млн метр куб көлөмдөгү суу сактоочу жайы курулганы турат. Болжол менен курулуштун баасы 350 млн сомду түзөт. Түгөл-Сай суу сактоочу жайы бүтсө, кошуна Баш-Кууганды, Жумгал, Куйручук, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө айылдарындагы жалпы 3,5 миң га ашык сугат жерлер суу менен камсыздалат. Ошондой эле 39,1 км жаңы каналдар курулат, мунун ичинен 31,1 км темир бетон каналдары болот. Плотинанын бийиктиги 34 метр, узундугу 200 метрди түзөт. Аны менен катар Байзак айылындагы Орто-Кууганды суусуна башка суу алуучу курулманы жана ирригациялык системаны реабилитация иштери 33 млн сомго жүргүзүлөт.

2018-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 3 канал кирген. Чолок каналына 4,1 млн сом, Көл-Арык каналына 3 млн сом, Күчүк каналына 1,5 млн сом пландалган. Бирок, бюджеттен жалпы 1,4 млн сом гана бөлүнгөн. Ушул каражат менен жогорудагы 3 каналга оңдоо иштерин жүргүзүү туура келген. Ошондой эле БУУнун Азык-түлүк программасы менен Чолок каналы толук оңдоодон өтсө, Күчүк каналы 50% оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле Кара-Кечедеги Биринчи Май каналында оңдоо иштери толук жүрүп бүткөрүлдү.

Сел каптоо кесепетинен Кармыш, Көл-Арык, Кайырма каналдарына кум, шагыл толуп, Көл-Арык, Кармыш, Чоң-1 каналдарын кыян алып кетип, мекемеде эмгектенгендердин жана элдин күчү менен калыбына келтирүү иштери жасалган. Мекемедеги бүт техникалардын эскилиги жеткендигине карабастан көп жылдан бери иштебей турган «МАЗ», «ГАС-53» үлгүсүндөгү автоунаалар, «ДТ-75» бульдозер оңдолуп кызмат кылып жатышат. Андан тышкары Бишкек шаарынан келишим аркылуу жүктөгүчүнүн сыйымдуулугу 1 метр куб жана өзү 3 метр куб болгон экскаватор алынып келинип, жогоруда каналдардагы табият кырсыгынан келтирилген зыяндарды жоюуга себеп болушту.

Жумгал суу чарба башкармалыгына 2018-жылдын 3-кварталына республикалык бюджеттен капиталдык оңдоого 2 млн сом бөлүнгөн. Мунун ичинен 155,3 миң сомго насостук станциялар запастык бөлүкчөлөр жана майлоочу майлар алынса, калган 1,8 млн сому каналдардын механикалык тазалоосу менен оңдоосу үчүн жумшалды. Мунун ичинен Кайырма каналына 388,2 миң сомго Г-150 блогунан 10 даана коюлду жана бетондук, механикалык тазалоо иштери, дамбаларды бекемдөө жумуштары аткарылды. Чолок каналына 633,5 миң сомго плита П-250 даана алынып коюлган. Биринчи Май каналына 430 миң сомго бетондук, механикалык тазалоо иштери жана дамбаларды бекемдөө жумуштары аткарылды. Көл-Арык каналына 163 миң сомго механикалык тазалоо жана гидротехникалык курулмаларды оңдоо жумуштары жасалды. Ал эми Күчүк каналына 230 миң сомго бетондук жана механикалык тазалоо жумуштары жасалып бүткөрүлдү.

Суу сактагычтарды жана каналдарды оңдоо учурундагы сүрөттөр


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×