Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 31.01.2019 10:30

Айыл турмушу: Бир нече иликтөөлөрдүн автору – журналист Т.Султановдун тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  50 жылдан бери журналистика тармагында эмгектенген Т.Султанов гезиттерди жоюуга каршы. Ал буга чейин бир катар сын макалаларды, журналистикалык иликтөөлөрдү байма-бай жазып келген. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Тынччылык Султанов 1946-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1969-1971-жылдары Ат-Башы райондук «Жеңиш жолу» газетасында кабарчы, бөлүм башчы, 1971-1975-жылдары комсомолдун Ат-Башы райкомунун секретары, 1975-1977-жылдары Ат-Башы районундагы Биринчи Май колхозунун парткомунун секретары, 1977-1980-жылдары Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1980-1994-жылдары Ат-Башы райондук «Жеңиш жолу» газетасынын редакторунун орун басары, 1999-2003-жылдары Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы, 2003-жылдан баштап Ат-Башы райондук «Кошой ордо» гезитинин редактору болгон.

«Райондук гезит чыкпай калса, райондун тарыхы жазылбай калат. Гезиттердин тиркемесине көп адам маани бербейт. Элдер китепканага барса, гезиттин арасынан өзүнө керектүүсүн сыйрып акырын уурдап кетет. Бул деген тарыхты уурдап жатат да. Гезит толук болуп турса, ал – райондун тарыхы. Аны студенттер дипломдук ишке жазат, илимпоздор кандидаттыгына пайдаланат. Экинчиси, бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Чыккан мыйзамдарды элге жеткирип турабыз. Райондук гезиттерди 2-3 жылдан бери жоёбуз деп, райондук гезиттер азыр кара тизмеде жүрөбүз. Эмне дегенде, гезиттерди жоюш керек, баарыбыз интернет менен камсыз болушубуз керек дешет. Ат-Башы районунда 21 орто мектеп бар. Ошол мектептер интернет менен камсыз боло элек. Ал эми калган элде интернет жок да. Элдин баары бай эмес, мисалы Ат-Башы районунда 100 бай болсо, калган эл орто чарбадан ылдый эле. Ат-Башынын борборунда гезит таратып деле көрүп жүрөбүз. Саап ичкенге ую жок, сүттү сатып алганга да мүмкүнчүлүгү жоктор бар», - деди ал.

Тынччылык Султанов: «Азыр гезиттин беттеринде сын азайып калды. Анткени жазсаң андан жыйынтык чыкпайт, чара көрүлбөйт. Мурда чыккан материалдын негизинде партиянын райондук комитети чара көрчү.

Кара мештерди оңдоп, сала турган мекеме болор эле. Алар салбаган жерден салдык, бир аз эле оңдодук деп сыртын сырдап коюп эле жүрүптүр. Анан мен “Түтүндөн акча жасагандар” деп жаздым. Анын жетекчиси суралып жүрүп кызматтан алынып, кара жумушка кесилди. Андай иликтөөлөр көп эле болду. Колхоздо жылкы ферма деген бар эле. Төлдөбөгөн жылкыларды төлдөдү деп, саалбаган жылкыларды саалды деп жаза беришчү. Мына ушундай көрүнүштөрдү иликтеп жазчубуз», - деди.

Ал СССР журналисттер союзунун, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Нарын облустук «Намыс» программасынын жеңүүчүсү катары «Мыкты журналист» наамына ээ болгон. Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты. «КРдин маданиятынын мыкты кызматкери», «КРдин билим берүүсүнүн отличниги», мурунку КРдин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Ардактуу кызматкер» деген төш белгилери менен сыйланган. Ат-Башы айылынын, Талды-Суу айылынын, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун «Ардактуу атуул» наамдарын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×