Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 06.09.2019 19:00

Адистердин кеңеши: Оң резус-факторго ээ эркек менен терс резус-факторго ээ аялдан кандай бала төрөлөт?

Turmush -  Оң резус-факторго ээ эркектер менен терс резус-факторго ээ аялдардын никесинен кандай бала төрөлөт? Мындай суроого Нарын облустук Кан борборунун дарыгер-лаборанты Чынара Жакыпова жооп берди.

Анын айтымында, оң резус-факторго ээ эркектер менен терс резус-факторго ээ аялдардын никесинен көбүнчө оң резус-фактордогу наристелер төрөлөт.

«Айта кетчү нерсе, күйөөсүнүн каны оң резуска, өзүнүн каны терс резуска ээ аялдар көбүнчө экинчи төрөтүнөн баштап чоң маселеге кабылышат. Анткени, булардын боюнан түшүшү же төрөсө да наристенин өлүк түшүшү мүмкүн. Мунун баары эненин жана түйүлдүктүн канынын резус-конфликти менен түшүндүрүлөт. Эмесе, резус-конфликт дегенди чечмелеп берели.

Аялдын биринчи төрөтүндө анын канында антигендер менен антителалардын саны аз болот да, түйүлдүккө анча коркунуч келтирбейт. Ал эми биринчи бала төрөлгөндөн жана улам бойдон алдыруудан баштап аялдагы антигендердин да, антителалардын да саны көбөйө баштайт. Экинчи кош бойлуулукта энедеги антигендер аз санда болсо да чарайна аркылуу баланын канына өтүп кетип, антителаларды пайда кылат. Антителалар түйүлдүктөгү оң резустагы эритроциттерди (кызыл кан клеткалары) зыянга учуратат. Бул илимде резус-конфликт деп аталат. Натыйжада, түйүлдүк кан ооруларына учурайт. Ушундан улам бойдон түшүп калуу, өлүк төрөлүү учурлары кездешет.

Резус-конфликт канчалык экендигин текшерүү үчүн анализ алуу кош бойлуулуктун 8-айында жүргүзүлөт. Кандагы антителалардын саны аныкталат.

Негизи, каны терс резустагы эне каны оң резустагы эркектен экинчи же үчүнчү баласын төрөөнү пландаса, дарыгерге көрүнүп, канындагы антителалардын өлчөмүн сөзсүз текшертүүсү зарыл.

--------------------------------------------------

Кандын курамындагы эритроциттерде атайын белок – антиген бар. Антигендер ар адамда ар башкача болот жана А, В деп белгиленет. Антигендер гендин бир варианты болуп эсептелет жана кан топтору үчүн жооп берет. Башкача айтканда, антигендердин өзгөчөлүгүнөн улам кан топторго бөлүнөт. Кандын суюктугунда антигенге каршы антителалар да бар.

Кан топторго бөлүнгөндөн тышкары оң (положительный) резус же терс (отрицательный) резус-факторго ээ. Резус-фактор адамдын канынын тубаса өзгөчөлүгү. Өмүр бою өзгөрүлбөйт жана ал укумдан тукумга берилет.

Резус-фактор белокко тиешелүү жана адамдагы эритроцитте кармалат. Резус-фактор жандуулар арасынан адамда, «Резус» аттуу маймылдарда кездешет. «Резус» деген аталыш ушундан улам келип чыккан. Резус-факторду XX кылымдын биринчи жарымында австралиялык К.Ландштейнер жана америкалык А.Виннер аттуу окумуштуулар ачкан. Алар мындай ачылышы үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушкан. Резус-фактордун ачылышы кан куюу жаатындагы табылгыс ачылыш болуп эсептелген. Себеби, ага чейин адамдарга кан куюуда кээ бирөөлөр узакка эсин жоготууга барса, кээ бирөөлөр өлүмгө дуушарланышкан. Мындай көрүнүш табышмактуу болуп эсептелип, жандырмагы резус-фактор ачылгандан кийин гана белгилүү болгон. Анткени, оң резуска ээ адамга терс резустагы канды куюудан реакция жүргөн. Адамдардын 87 пайызы оң резусту алып жүрсө, 13 пайызы терс резусту алып жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×