Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуНарын району 30.01.2019 14:28

Нарын районунда бузууларды караган комиссияларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 29-январында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл аймактардагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин кайсы беренелери менен иш алып баруу керектиги, протоколду кандай толтуруу зарылдыгы көрсөтүлүп берилди. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өкмөттүн 2019-жылдын 28-декабрындагы «Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, бузууларды жеринен бирдиктүү реестирине киргизүү боюнча көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×