Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуНарын району 29.01.2019 16:10

2018: Нарын районундагы жыл мыктыларына демөөрчүлүк көрсөткөн атуулдар (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын району өткөн жылды район акими Семетей Черикбаевдин жетекчилигинде жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкташты. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун «2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы» жарлыгына ылайык, ар кандай булактардын эсебинен 510 млн 677,6 миң сомдук каржылоо тартылса, мунун ичинен 181 млн сому республикалык бюджеттен, ал эми 290 миң сом эл аралык уюмдардан, 20 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Учурда 73 миң доллары сарпталган булгаарыдан бут кийим тигүүчү жана жүн иштетүүчү цехи ишке берилүү алдында турат. Жыл башынан бери 12 кичи ишкана ачылып, 54 жумуш оруну түзүлгөн. Район боюнча элдин 85 пайызы таза суу менен камсыз болушкан.

Аталган жарлыкка ылайык, Нарын районун өнүктүрүү максатында 2018-жылы аткарыла турган иштер пландалып, жыл башында 14 багыттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Алардын бири катары жыл жыйынтыгы менен «Мыкты айыл өкмөтү», «Мыкты мекеме» жана райондун алдыңкыларын аныктоо, сыйлоо кароо-сынагы өткөрүлгөн.

Демөөрчүлөрдүн эсебинен убада кылынган жалпы 51 млн сомдук 57 иш-чаранын 31,8 млн сомдук 43 иш-чарасы толук аткарылган. Жыл аягы менен жыл жыйынтыгын чыгарган салтанаттуу иш-чара өтүп, анда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондорго демөөрчүлөр тарабынан ар кандай баалуу сыйлыктар тапшырылды. Анда жалпы кыркка чукул ар тармактын алдыңкы өкүлдөрүнө наамдар менен катар баалуу белектер берилген. Иш-чарага жогорку бийликтин өкүлдөрү да катышты.

Жыл мыктыларын аныктоодо районго демөөрчүлүк кылган «Кыргыз ЭЙР» компаниясынын президенти Жолдошбек Бектурганов «Мыкты мекеме» наамын алган Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна «ВАЗ-2107» автоунаасын белек кылган. «Мыкты айыл аймагы» наамынын ээси болгон Орток айыл аймагына жеке ишкер Бакыт Жумагулов «ВАЗ-2199» үлгүсүндөгү автоунааны тапшырган. Ошондой эле, жылды жыйынтыктоо иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Алмаз Акматовдор жана ЭЭЗдин директору Дүйшөн Ирсалиевдер катышып, алар дагы өз белектерин тапшырышкан. Аны менен катар Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов мэриянын атынан алдыңкы 10 наам үчүн баалуу белек берген.

Мындан тышкары:
- «Чжун-Джи-Майнинг» ЖЧКсы;
- «СГБ-Сервис» ЖЧКсынын менеджери Жаныбек Кубандыков;
- «Жакшылык-Строй» ЖЧКнын жетекчиси Өмүрбек Мамбетибраев;
- «АТ Минералс» ЖЧКнын жетекчиси Ренат Субанов;
- «Кумбел» ЖЧКнын жетекчиси Ишенбек Айтмамбетов;
- «Нур-Строй» ЖЧКнын жетекчиси Төрөкул Жусаев;
- Ысык-Көл облусундагы «Энесай» пансионатынын директору Гүлнара Молдалиева тарабынан эс алууга жолдомолор берилген.

«Асылзат-Нур» коомдук фондунун төрайымы Роза Жумаева тарабынан кымбат баалуу телевизор, компьютер жана үй тиричилигине керектүү буюмдар менен эс алуу жайларына жолдомолор жана акчалай жардамдар көрсөтүлгөн. Ошондой эле, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору тапшырылды. Жеке ишкерлер Жамалбек Ырсалиев, Урмат Укунов, Айбек Карабаевдер да баалуу белектерди ыйгарышкан.

«Жыл мыктылары-2018» наамы менен төмөндөгү атуулдар жана мекемелер, жетекчилер сыйланышты:

- «Мыкты мекеме», Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору;
- «Алдыңкы бала бакча», Жан-Булак айыл аймагынын «Умсунай апа» бала бакчасы;
- «Алдыңкы ҮДТ», Кара-Кужур айыл аймагынын Лахол айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- «Алдыңкы маданият үйү», Казан-Куйган айыл аймагынын маданият үйү;
- «Алдыңкы китепкана», Ак-Кудук айыл аймагынын Шоро айылдык китепканасы;
- «Мыкты айылдык кеңешинин төрагасы», Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы Кенжебек Асанов;
- «Мыкты жаштар уюмунун төрагасы», Эмгек-Талаа айыл аймагынын жаштарынын төрагасы Тариэл Койчуманов;
- «Алдыңкы спорт чебери», Чет-Нура айыл аймагынын тургуну Курман Жакшылыков;
- «Алдыңкы спорт чебери», Алыш айылынын тургуну Аман Исмаилов;
- «Алдыңкы спорт чебери», Шоро айылынын тургуну Конокбай Баркыжоков;
- «Алдыңкы суу пайдалануучулар ассоциациясы», Сары-Ой айыл аймагынын сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси М.Нааматбеков;
- «Алдыңкы фермер», Эсенбек Сариев, Дүйшөнбек Ибраимбеков, Бакыт Давлетов жана Рыскелди Сыдыковдор;
- «Алдыңкы механизатор» Кемел Сүйүнбаев, Токтосун Абдрахманов, Сыймык Сарыков, Бектемир уулу Саматтар;
- «Алдыңкы жеке ветеринар», Гүлнара Бейшеева;
- «Алдыңкы багбан», Таалай Мамбеталиев;
- «Алдыңкы үрөн фондунун башчысы», Нурбек Абдыкалыков;
- «Алдыңкы жайыт комитетинин башчысы», Адилет Назарбаев;
- «Алдыңкы жеке ишкер», Жайна Нурманбетова, Азат Исаков, Мирбүбү Абдыжапарова, Үсөнбек Исмаилов жана Жыргалбек Матаев.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жамааты ар тармактан колдогон демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×