Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуАк-Талаа району 29.01.2019 15:27

Ак-Талаанын Терек айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынууда

Turmush -  Ак-Талаа районунун Терек айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып жаткандыгын айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы жаштардын демилгеси менен айылда спирт ичимдиктерин сатууга бөгөт коюу максатында жергиликтүү бийлик, жергиликтүү тургундар, айыл жаштары жана соодагерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында ар кандай кылмыш-кырсыкка себеп болуп жаткан спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүнө таянсак, 1-февралдан тарта дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбайт жана ушул күнү атайын түзүлгөн комиссия бардык соода түйүндөрүн кыдырып спирт ичимдиктерин сатыктан алышат. Мындай саамалыкка соодагерлер каршылык билдиришкен эмес.

Буга чейин Кара-Бүргөн жана Жерге-Тал айыл аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×