Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусу, Нарын 29.01.2019 12:22 На русском

Сүрөт — Аселдин операциясына кайрымдуулуктан түшкөн акчаны алып кеткен шектүү жигит кармалды

Turmush -  Альвеококкоз оорусу менен жабыркаган Жапаркул кызы Аселдин операциясына каражат чогултуу максатында кайрымдуулук концертин өткөрөм деп алдаган жаран кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 25-январь күнү Нарын облустук ички башкармалыгына Нарын районунун Орто-Саз айылынын З.Мамыров көчөсүнүн тургуну Асел Жапаркул кызы арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, Асел 2017-жылдан бери альвеококкоз оорусу менен ооруп жүргөн. Операцияга көп суммадагы акча керек болгондугуна байланыштуу кайрымдуулук фондго кайрылган. Ошол фонддон түшкөн акчаны А.у.Б. аттуу жигит арыз ээси Асел Жапаркул кызынын банк картасынан алган. Биринчи 15 миң сом сурап, андан кийин дагы 15 миң сомду сурабастан чыгарып алган. Асел учурда ал бала ар кандай шылтоолорду айтып, качып жүргөнүн арызында көрсөттү. Бул арыз Нарын ОИИБдин кылмыштар жана жорук жөнүндө арыз жана билдирүүлөрдү каттоо журналына катталган. Андан кийин «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына киргизилип, сотко чейинки жазык иши башталган.

Бул окуя боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган жигиттин өздүгү аныкталып, Б.у.А. Ат-Башы районунун Казыбек айылында 1987-жылы туулгандыгы, азыр Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жашап жатканы маалым болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Б. у А. Нарын шаарынан 28-январь күнү кармалып, Кыргыз Республикасынын Жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кылмышка шектүү адам катары Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×