Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 29.01.2019 10:33

Ак-Талаанын Жерге-Тал айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып жаткандыгын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, «Айылдын жаштары алкоголизм каршы» аталыштагы акциясынын негизинде жергиликтүү бийликтин, тургундардын жана соодагерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

«Кылмыш-кырсыктарга бөгөт коюу, коомдук тартипти жөнгө салуу максатында, Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарында спирт ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө тыюу салынууда», - деди Гүлмайрам Үчүгөнова.

Айыл өкмөт башчысынын айтымында, мындай саамалыкты соодагерлер, жергиликтүү тургундар колдоого алышып, анын негизинде жаштардан турган комиссия түзүлгөн.

Учурда Жерге-Тал айылында спирт ичимдиктерин сатуу толук кандуу токтосо, ал эми Чолок-Кайың айылында 15-февралга чейин спирт ичимдиктерин сатуу токтотулары маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×