Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 30.01.2019 23:22

Айыл турмушу: Баатыр эне Турганбүбү Чыныбекова азоо бээнин алдында калганын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Сегиз баланы эрезеге жеткирген 52 жаштагы баатыр эне Турганбүбү Чыныбекованын учурда 12 небереси бар. Ал балдарын кыйынчылык менен өстүргөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Турганбүбү Чыныбекова 1967-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Анын атасы согуштун ардагери болгон. Мектепти аяктаган соң өзүнүн айылындагы жигитке турмушка чыгып, жолдошу экөө Ак-Сайга чейин барып мал багышкан.

«Атам согуштун ардагери болчу. Бала кезде эч нерсе менен ишибиз жок болуп чоңойдук. Бир туугандарыма ыраазычылык билдирем, алар менен сыймыктанам. Мектепти аяктагандан кийин окуй албай калып, айылдашыма турмушка чыктым. Жолдошум менен Ак-Сайга чейин барып кой багып жүрдүк. Экөөбүз 8 балалуу болдук. Буйруса баары жакшы, балдарым өз ордуларын табышты. Аларга туура тарбия бердим деп ойлойм. Учурда неберелерим менен үйдөмүн. "Карысы бардын ырысы бар" дегендей, кайненем менен сыймыктанабыз. Биз үчүн ал адамдын батасы баалуу.

5 кыз жана 3 уулду өстүрүү кыйын болду. Алар кичинекей кезде жолдошум жалгыз иштеп, мен үйдө отурдум. Ал кезде азыркыдай жалаяктар жок болчу, балдарды бешикке бөлөп бактык. Кээде үйдө азык-түлүк аз калганын көрсөм, мурдагы жашоону ойлоп кетем», - дейт ал.

Турганбүбү Чыныбекова жылкы саап жатканда болгон окуяны айтып берди.

«Казыбек айылында мал багып калдык. Кудагыйым "бээлеримди 20 жылдан бери үйрөтө албай жатам, сааганга үйрөтүп бербейсиңби?" деп суранып калды. Көптөн бери бээ саай элек элем. Жаныбызда кошуналарыбыздын баары карап турган. Намыстанып бээлерди саап баштадым. Биринчи жана экинчи бээни жакшы саадым. Үчүнчү бээни саап жаткам, бир маалда анын алдында калдым. Көрсө бээ чочуп кетип, тебелеп өтүп кетиптир. Көзүмдү ачсам жылкы аттап кетип бара жатыптыр. Эмне кыларымды билбей калган элем», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×