Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 29.01.2019 22:12

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Чолпон Бейшекеева киреше табуунун жолун өздөштүрдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 30 жаштагы тургуну Чолпон Бейшекеева кыздарга сеп даярдап, киреше таап жатат. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Чолпон Бейшекеева кесиби боюнча экономист. Ал үйдө кичинекей баласын багуу менен бирге ишкерлик кылууну ойлоно баштаган. Учурда кыздардын себин даярдоого суроо-талап көп болуп жатканын айтат.

«Эки айдан бери кызга сеп даярдоо үчүн жууркан, жер төшөк жана жаздыкчага буйрутма алып жатабыз. Илгери куралган куракты жандандырсак жакшы болчудай. Анткени азыр көпчүлүк даяр кездемени алып келишет. Куралган жер төшөк, жаздыкчалар көрктүү көрүнөт. Өзүм жетишпей жаткандыктан 2 тикмечи эжени жумушка алгам. Түшкөн буйрутмаларды үйүнөн тигип келишет», - дейт Чолпон Бейшекеева.

Ал кыргыз шырдагындагы оюуларды да куракка түшүрсө болорун белгиледи.

«Чий курак, канат курак деп курап жатабыз. Ошондой эле шырдактын оюуларын да курак кылып иштеп чыкса болот. Ар кандай фантазия менен курактын түрүн табууга болот. Азыр үйдөн иштеп жатабыз. Айрым кардарларыбыз 10-15 жууркан, 4 жер төшөк жана жаздыкчаларга буйрутма берип жатышат. Ал эми баалары кездемеден көз каранды болот. Келечекте жумушчуларды алып, цехти кеңейтүүнү пландап жатам. Дагы кошумча сунуштарды айтып жатышат. Баарын бир алып кетүү каржы маселесине барып такалат. Биздин кардарларыбызга өзгөчө сунуштарыбыз да бар. Кардар артынан дагы кардар алып келсе, белек беребиз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×