Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 27.01.2019 15:53 На русском

Нарында белгисиз адамдар май куюучу жайды тоноп, 100 миң сомдон ашык акчаны алып кетишти

Turmush -  Кечээ, 26-январдан 27-январга караган түнү Нарын шаарында белгисиз адамдар май куюучу жайлардын бирин тоноп, 108 миң сомдой акчаны алып кетишти. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, беткапчан 3 адам түнкү саат 01:50 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Нарын шаарындагы тилкесинде жайгашкан май куюучу жайды тоношкон. Алгач май куюучу жайдын электр жарыгын өчүрүшкөн. Алар курал катары союл алып киришкен. Кассадагы акчаны гана алып, сейфтеги акчаны ала албай кетишкен.

Нарын ОИИБ бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүп жаткандыгын билдирип, каракчылар 100 миң сомдон ашык каражатты алып кеткендигин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×