Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусу, Нарын 24.01.2019 15:00 На русском

Нарында ӨКМдин кызматкеринин жансыз денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 24-январда таңга маал Нарын шаарындагы сарайдан 24 жаштагы жигиттин асынып турган денеси табылды. Бул маалыматты Нарын ОИИБден тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Э.М. өзү жашаган үйдүн сарайында асынып турган. Денесине сыртынан байкоо жүргүзүлгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Ал эми маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин билдиришкен. Анын аркасында жубайы жана бир баласы калды.

Кийинчерээк маркум Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаарындагы өрт өчүрүү кызматында айдоочу болуп эмгектенип келгени белгилүү болду. Учурда бул факты боюнча тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×