Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 24.01.2019 08:00

Айыл турмушу: Кол өнөрчү И.Турганбаева чий чырмап киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Ишенбүбү Турганбаева чий чырмап киреше табууда. Айылдагы кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишенбүбү Турганбаева кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Ал өз кесиби менен 17 жыл эмгектенген. Учурда чий чырмоо менен алек.

«Чий чырмоо, боз үйдүн ички жана тышкы жасалгаларын жасоо илгертеден эле кыргыз аялдарына тиешелүү иш. Мен да ушул өнөрдү аздектеп, унутта калып бара жаткан улуттук кол өнөрчүлүктүн жанданып жатканына кубанычтамын. Шартка байланыштуу мектептен иштебей калдым. Ал кезде балдарыбыз кичине, өзүбүз жаш болчубуз. Балдарыбызды багып, окутуу үчүн 1987-жылдан баштап чий чырмап, кийизден ар кандай азем буюмдарды жасап сата баштадык. Жолдошум Эркинбек тубаса таланттуу сүрөтчү болчу. Ал оюну жылтырактын бетине түшүрүп берчү. Мен чий чырмачумун. "Манас" эпосундагы каармандарды кийизден жасап алып, Манастын 1000 жылдыгындагы көргөзмөгө катыштым. Ошондо чий чырмап, кол өнөрчүлүк менен иштөөнүн келечеги бар экенин даамдап билдим.

Чий чырмоо менен балдарыбызды өстүрүп, аларды окуттук. 32 жылдан бери боз үйдүн эки канат чийи, ашкана жана эшиги үчүн буюртма алам. Азыр базарга алып чыкпай калдым. Себеби үйгө келип буюртма бергендер көп», - дейт Ишенбүбү Турганбаева.

Ал акыркы убакта улуттук кол өнөрчүлүк жанданып, улутту данктаган фестиваль, көргөзмөлөр көп болуп жатканына кубанууда.

Ишенбүбү Турганбаева чий чырмоонун сырлары менен да бөлүштү.

«Арпа бышканда, тактап айтканда август айынын аягы, сентябрь айынын ортосунда чий да бышат. Ошол кезде чийди жулуп келип, сындырбайт аарчып алам. Баштарын бирдей узундукта кесип алып, ар кандай түстөргө боёлгон жүндөрдү белгилеп алып чырмап баштайм. Чийлер чырмалып бүткөндө, баарын бириктирип согууга киришем. 1 канат чий 9 метр болот. Боз үйгө эки канат, 18 метр керек болот.

Өзүм жаш күнүмдөн чий чырмап көнүп калгандыктанбы үйдө бош отура албайм. Небере багам, колум бошой калса эле чий чырмоо менен алек болом. Чий чырмоо майда жумуш болгондуктан келиним, неберелерим, бош учурда кызым келип жардам берет. Эки канат чийди 2 айда чырмап бүтөм», - деп кошумчалады ал.

Ишенбүбү Турганбаева эки канат, 18 метр чийди 40 миң сомго, боз үйдүн эшигин 6 миң сомго жана ашкананы 15 миң сомго чырмайт. Мындан сырткары боз үйдүн ички жана тышкы жасалгаларынын баарын жасоо колунан келет.

Ал Көчмөндөр оюндарында атайын чий чырмоо тапшырмасына катышып, 3-орунду алган. Мындан сырткары фестиваль, кароо-сынактарга катышкандыгы үчүн бир нече грамоталардын ээси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×