Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 22.01.2019 16:58

Айыл турмушу: Медайым Б.Жээнбаева союздан кийин кесибин ашпозчулукка алмаштырган (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин ашканасында ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп келе жаткан Бактыгүл Жээнбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Бактыгүл Жээнбаева 1970-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө 1 жыл кенже кызматкер болуп иштеп, андан соң Токмок шаарындагы медициналык окуу жайында 1 жыл 10 ай окуп, медайым болуп чыккан. Окуусун аяктап келип, Ат-Башы райондук ооруканасындагы тез жардам бөлүмүндө диспетчер болуп эмгектенип баштаган. Ал жерде 1 жыл иштеген соң, ошол эле райондук аймактык ооруканасынын терапия бөлүмүндө 3 жыл медайым болуп иштеген. Ошол убакта декреттик өргүүгө чыккандыгына жана жумушундагы кыскартууларга байланыштуу үйдө балдары менен отуруп калган. Ал кайрадан 2013-жылы Ак-Жар айылындагы мектепте ашпозчунун жардамчысы болуп, окуучулардын тамак-ашынын камын көрүп келет.

«Терапия бөлүмүнө медайым болуп 3 жыл иштедим. Декреттик өргүүгө чыктым. Ошол убакта союз тарап, элдерге жумуш жок кыскартуулар болду. Мамлекет элди айлык менен камсыз кыла албай турган убакка туш келип, балдар менен үйдө отурдум. Ошону менен өз кесибимди уланта алган жокмун. 2013-жылдан баштап мектептин ашканасында ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп келе жатам. Азыр шүгүр, жакшы», - деди ал.

Окуучулар ашпозчуларга ыраазчылыктарын айтып кетишет. Мугалимдер дагы кан басымын ченетип, Бактыгүл Жээнбаевага рахмат айтышат.

«Балдарга 5 күн ар кандай тамактарды беребиз. Кичинекей балдар таза да, ыраазчылыктарын айтып кетишет. “Алла ыраазы болсун, тамагыңыз таттуу болуптур” дешет. Андай сөз укканда ого бетер жумушка шыктанат экенсиң», - деди ал.

Бактыгүл Жээнбаева үй-бүлөлүү, 5 баласы, 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×