Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 23.01.2019 08:14

Айыл турмушу: Гүлзат Орозалиева ата-энесинен үйрөнгөн өнөрдү киреше булагына айлантты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 38 жаштагы тургуну Гүлзат Орозалиева шырдак жасап, 25 миң сомго чейин баалап сатат. Кол өнөрчү айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлзат Орозалиева шырдак жасоону бала чагында апасынан үйрөнгөн. Учурда кол өнөрчүлүк анын негизги киреше булагы.

«Бала чагым Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өткөн. Атам шырдактарга оюу түшүрүп берсе, апам шырдак жөрмөчү. Ата-энеме жардамдашып жүрүп үйрөнүп алгам. Турмушка чыккандан кийин айылдагылардан шырдак оюп, жөрмөгөнгө жана шырыганга буйрутма алып иштеп баштадым. Учурда мага кыздарым жардам берет. Кийинчерээк райондук, облустук деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алдым.

Шырдакты баштан аяк өзүм жасайм. Кийиз жасап, шоонасын ийрип, жээктерин даярдайм. Шырдактардын өлчөмүнө карап 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин баалап сатам. Көбүнчө кыздын себине сатып алышат. Мындан сырткары чет элдик уюмдун каржылоосунда кийиз, жүн иштетүү боюнча окудум. Бул долбоордун алкагында кийизден бут кийим, баш кийим жана моюн орогуч жасоонун сырларын терең өздөштүрө алдык», - дейт Гүлзат Орозалиева.

Кол өнөрчү «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалына активдүү катышып, диплом менен сыйланган. Ошондой эле райондук деңгээлдеги «Жез оймок» сынагына катышып, 1-орунду алган.

«Жасаган эмгектеримди шырдак фестивалына алып барып көргөзмөгө койгом. Көргөзмөлөр уздар үчүн башкалардын эмгектерин көрүүгө, билбегенин үйрөнүүгө жана жаңы идеяларды ойлоп табууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Анткени шырдак фестивалында кыргызстандык уздардын эмгектеринин бардыгын көрүүгө болот.

Чет элдиктер биздин кыргыз шырдагын баалап, кызыгуусу күч экенин байкадым. Экологиялык таза материалдан жасалган шырдактар ден соолукка пайдалуу. Чет мамлекеттен келгендер чакан шырдактарды алып кетишет. "Жумуштан чарчап келгенде шырдактын үстүнө жатсаң энергия тартуулап, денеге жана бутка массаж болот" деп айтышат», - деди ал.

Гүлзат Орозалиева кесиби боюнча эсепчи. Ал 3 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×