Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 22.01.2019 14:30

Айыл турмушу: Мугалим А.Айтмамбетова бийчи окуучулары менен Францияга барууга даярданып жатат (сүрөт)

Turmush -  Маданияттын мыкты кызматкери Аида Айтмамбетова Ат-Башы айылындагы музыкалык мектепте балдарга бийден сабак берип, ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аида Айтмамбетова 1971-жылы 11-июнда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүп, кийин турмушка чыкканда Б.Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайын аяктаган. 2004-жылдан бери Ат-Башы райондук музыкалык мектепте бий сабагынан мугалим болуп иштеп келет. Ал жылы «Бүчүр» бий ансамблин негиздеген жана анын окуучулары жакшы ийгиликтерге жетишти. Алсак, 2018-жылы Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык фестивалда 2-орунду камсыз кылышкан. Ал үчүн окуучулар 3 күнгө Ысык-Көлгө бекер эс алууга, Анталияда боло турчу эл аралык фестивалга жолдомо алышты. Бийчилер ал фестивалга Кыргызстандын атынан катышып, бийлеп, эс алып дагы келген.

«Мени кичинекей кезимде чоң ата, чоң энемдер багып алышкан. Себеби, неберенин эң улуусу болчумун. Баш-Кайыңды айылында өстүм. Мектепти аяктап, Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүттүм. Ал жакта Катя Табалдиева деген эң жакшы бийчи эжебиз бар эле. Ошол эжемден аябай жакшы тарбия көрдүм. Азыр ал чет мамлекетте жүрөт. Негизи Кыргызстанда бийчилер көп бааланбайт, чет мамлекеттен бааланабыз. Окуу жайды бүткөндөн кийин эле ошол жерден бий топ ачып алып, студенттер менен бийлеп жүрдүк.

№15 бала бакчада иштеп калдым, ал жактан дагы топ түзүп, балдарды бийлетип жүрдүм. Кийин Ак-Суу районундагы "Боз-Салкын" ыр-бий ансамблине чакырышып, ошол жерде иштеп калдым. Ал жерде 2 жыл эмгектенген соң, Ат-Башыга келин болуп калдым. Келин болуп келгенден кийин талантымды жерде калтырбай, Ача-Кайыңды айылында балдардын бий тобун жетектеп иштеп жүрдүм. Анда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Дыйкан айылында да иштедим. 2004-жылы Ат-Башы райондук музыкалык мектепке чакырышып, бий сабагынан мугалим болуп иштеп калдым», - деди ал.

Мугалимдин Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына арналган медалдын ээси жана «Маданияттын мыкты кызматкери», «Нарын облусунун ардактуу айымы», «Билим берүүнүн отличниги» деген наамдары бар.

«Бала кезимден бийге жакын болуп өстүм. Ошол кездеги караңгылыкпы билбейм, чоң энем Бишкекке жибербей койгон. Чоң энем маданият кызматкерлерин туура эмес көз караш менен карачу эле, окутпай койгон. Бирок кийин жашым өтсө да барып окудум. Баары бир адам өз сүйгөн кесибин таштабайт экен.

Балдар сахнада бийди жогорку деңгээлде аткарса, мен ошондон ырахат алам. Кубанып, сүйүнөм. Бир жолу Анталиядан ушундай бир сүйүнүч болду. Негизи көп эле жерде бийледик. Ал жакта көп кыргыздар бар экен. Аларды жергиликтүү эл түрк кыргыздары деп коет экен. Алар бизди өзгөчө тосуп алышты. Бийлеп бүткөндөн кийин менин окуучуларымды бирөө өөп жатат, бир окуучум белек көтөрүп жүрөт. Эмне болуп жатат деп таң калдым. Ошондо аябай сүйүндүм. Жеке эле кыргыздар эле эмес, түрктөр дагы аябай кол чабышты.

Азыр 2 бий даярдап жатабыз. Ал бийлер менен болжол менен жай мезгилинде Франциядагы фестивалга барабыз. Үйдө улуу кызым бийлейт, кичүү балам кызыгат. Үйгө барганда менин кыймылымды туурап калышат», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 эркек баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×