Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 26.01.2019 00:48

Айыл турмушу: Айылдаштарын сулуулаган Сезим хоббиси аркылуу киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 17 жаштагы тургуну Сезим Карыбаева айылдаш кыз-келиндерди сулуулайт. Жаш визажист менен аймактык кабарчы таанышты.

Сезим Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте 11-класста окуп жатат. Ал 1 жыл мурун апасынын демилгеси менен визажист-косметолог курсунда окуган.

«Кыздарды сулуулаганды кичинекей кезимден жакшы көрчүмүн. Эс тартып калганда бош убактым болсо чачымды жасап же боёно берчүмүн. Атам менен апам менин жөндөмүмдү байкап, 3 айлык курста окутуп, керектүү каражаттардын баарын сатып беришти. Курсту окуп бүткөндөн кийин борбордогу сулуулук салондордо 4 ай тажрыйба топтоо үчүн иштеп келдим. Айылда профессионалдык деңгээлде макияж жасай турган кыз-келиндер жок экен. Учурда айылдагы кыз-келиндерге, мектептеги мугалимдерге, окуучуларга керек учурда макияж жасап берип жатам.

Жаңы жылдык кечеде окуучу кыздарды жана мугалимдерди сулууладым. Кызматым 200 сомго чейин бааланат. Жаңы жылдык кечеге даярдануу үчүн мектеп администрациясы мага атайын класс беришти. Макияж жасатууну каалагандар көп болду. Бетти тазалатуу боюнча да кайрылгандар көп. Бирок үй шартында бет тазалай албайм», - дейт ал.

Ал макияж жасоо искусствонун бир бөлүгү деп эсептейт. Сезим ой-максаттары менен бөлүштү.

«Визажист болгондуктан таанышкан адамдын эң биринчи эле бетине, кандай каражаттарды колдоноруна, кашына көңүл бурам. Айымдын бетин карап анализдеп, жыйынтык чыгарса болот. Өзүн канчалык деңгээлде жакшы көрөрүн билүүгө да мүмкүн. Мектеп окуучуларынын арасында макияж жасоого кызыгып, бирок окууга мүмкүнчүлүгү жоктор бар экен. Ошондуктан кызыккан окуучуларга визажист боюнча түшүнүк берип, мастер-класс өтүүнү пландап жатам.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөт тарабынан айылга чакан болсо да сулуулук салонун ачышса болмок. Азыр окуучу балдар чачын жасалгалап кырктырууну каалашат. Алар дайыма эле Нарынга же Ат-Башыга бара алышпайт. Ошол эле маселе кыздарда да бар. Окуучу кыздар кашын тердирүү үчүн же атайын сынакка катышса, чачын жасатууга райондун борборуна бара алышпайт. Айыл жашоочулары көп экен. Макияж жасоо менин хоббим. Келечекте башка кесипти тандайм. Форма кийип, күч түзүмдөрүндө иштейм деген тилегим бар», - деди ал.

Сезим орус, англис тилдерин жакшы билет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×