Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусу, Нарын 22.01.2019 08:13 На русском

Нарын шаарында 2 унаа кагышып, бир кыз жаракат алды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 21-январда Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө 2 унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:00 чамасында болгон. Чыгыш тарапка бара жаткан кызыл түстөгү «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа агыш түстөгү «Аудини» капталынан сүзүп токтогон. Унаанын бириндеги кыз жаракат алды.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барып, жабыркаган кызды ооруканага алып кетти. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору окуянын себептерин териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×