Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 21.01.2019 22:15

Айыл турмушу: 8 баланын апасы Г.Барктабасова көчөсүндөгү эң жаш баатыр эне (сүрөт)

Turmush -  41 жаштагы Гүлзат Барктабасова 8 баланын апасы. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлзат Барктабасова 1978-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Өзүнүн түпкү жери Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы. Бирок ата-энеси Нарын шаарында иштеп, отурукташып калгандыктан аталган шаарда чоңойгон. Мектепти аяктаган соң, Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылына келин болуп барган. 2018-жылы «Баатыр эне» наамын алып, «Эне даңкы» медалына ээ болгон. Учурда анын балдары студент болуп, убагында өзү жетпеген кыялдарын аткарып жатат. Ал үйдө балдарына кам көрүүдөн сырткары кол өнөрчүлүктү дагы өздөштүрүп алган.

«1996-жылы мектепти бүттүм, ошол жылы эле күз мезгилинде турмушка чыктым. Ошентип Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылына келин болуп келдим. Буюрса, 4 кыз жана 4 уулдун энесимин. Эң улуу уулум студент, кийинки 2 балам мектепти бүткөн, эң кичүүсү 3 жашта. Балдарым менен сыймыктанам. Балдарым менин байлыгым, бала деп жашап жүрөбүз. Биз жашаган көчөдө эң жаш баатыр эне менмин десем болот.

“Балалуу үй базар” дегендей баарынын мүнөздөрү ар башка, ар кимиси ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Баарын эркелеткенге аракет кылам. Улуу балам абдан жоош, бир мүнөз. Кийинки балам улакчы болом деп аракет кылып жүрөт. Кичинекей балдарым бала бакчада болгон окуяларын айтып келишет. Үйдөн шырдак жасайм.

Мурда студент болуп окусамбы деген тилегим бар болчу. Бирок ошол максатымды балдарым аткарып жатат. Баатыр эне болом деген ой жок болчу. Кудайым балдарды берди, мен бактылуумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×