Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусу, Нарын 21.01.2019 13:47

Нарында турак үйдүн бөлмөсүнө кирип кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу сыныктар бөлүмүндө жатат

Turmush -  Нарын шаарынын 64 аймагындагы турак үйлөрдүн бирине кирип кеткен жүк ташуучу унаа боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 19-январында түнкү саат 23:17 чамасында «ХОВО» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндө жайгашкан №87 турак үйдү сүзүп, ичине кирип кеткен. Анын айдоочусу — Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 1974-жылы туулган тургуну К.М. денесинен жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми турак үйдүн ээлери жабыркаган эмес.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×