Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 21.01.2019 13:23

Айыл турмушу: 2-топтогу майып Ш.Ашырбаева 40 жылдан бери кийим тигип иштейт (сүрөт)

Turmush -  40 жылдан бери кийим тигип иштеген 56 жаштагы Шайлоо Ашырбаева 2-топтогу майып. Ал 1962-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктап, айыл ичиндеги кесиптик окуу жайынан тигүүчүлүк кесибин алып чыккан. Андан соң, Ат-Башы айылында тигүүчү болуп иштеп калган.

Өзүнүн айтымында, 28 жашында турмуш жолуна аттанып, 2 кыздуу болду. Учурда ал 2 кызын тең турмушка узатып, небере жытын жыттап отурат. Ошондой эле ден соолугуна карабай тигүүчүлүк кесиби менен дагы эмгектенип келет.

«Мен кесиптик окуу жайын аяктагандан бери Ат-Башы айылындагы комбинатта иштеп келе жатам. 40 жылдан бери тигүү тармагындамын. Союз жоюлганда башка жерге барып иштеп жүрдүк. Үйдөн да иштеп жүрдүк. Мурдагы жылдан бери кайра комбинатка келип иштеп калдык. Жайкысын жакшы иштейбиз. Бар-жоктун баары колубуздан келет. Кышкысын ооруп калып, кайра дарыланабыз. Ижарага да акы төлөйбүз.

Бала күнүмдөн эле 2-топтогу майыпмын. Кийин бутумдан операция болдум. 5 жылдык стажым менен пенсияга чыктым. 5 миң сом алам, ошону менен жан сактап, ижарага акча чыкпай калса пенсиядан төлөйбүз», - деди ал.

Шайлоо Ашырбаева: «Мен 28 жашымда турмушка чыктым, күйөөм да 2-топтогу майып болчу. 2 жыл жакшы жашадык. Турмуш жакшы болбой, ажырашып кеттик. Кыздарыбыз бой жеткен, турмушка чыккан. Башым, бутум ооруйт, 6 айда бир жолу дарыланып турушум керек. Эл менен аралашкандан бери мурдагыдай оорубай калдым. Жашоодо өйдө-ылдый болот. Менин башым сүйүнүчтү дагы, кайгыны дагы көтөрө албайт. Өзүмдү алаксытам, кесиптештерим менен чогуу болсом ырас болом. 5 маал намазымды окуйм. Ырдайм, тамакты жакшы жасайм. Бош убактымда сыналгы көрүп, шарият жолундагы китептерди окуйм. Бардыгына кудайга шүгүр», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×