Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 21.01.2019 10:18

Айыл турмушу: Мугалим Н.Ботбаева даярдаган окуучулар «Манас таануу» сынагынан байгелүү кайтышат (сүрөт)

Turmush -  Нургүл Ботбаева 23 жылдан бери балдарга билим берип келет. 2013-жылдан баштап ал Манас таануу ийриминдеги окуучуларга сабак бере баштаган. Учурда анын окуучулары республикалык сынактарда жеңиштерди камсыз кылып келишет. Мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Нургүл Ботбаева 1972-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. 1992-1996-жылдары азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1996-жылдан бери Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде иштеп келе жатат. 2013-жылдан баштап мектепте Манас таануу ийрими ачылып, азыркы күнгө чейин ушул ийримди жетектейт.

2013-жылы анын «Айкөл Манас» деген тобу республикалык «Манас таануу» телесынагында 2-орунду, 2014-жылы 2-орунду, 2016-жылы 1-орунду, 2018-жылы 4-орунду камсыз кылышты. Учурда мугалим окуучуларын аталган сынактын райондук туруна даярдап жатат.

Нургүл Ботбаеваны 2013-жылы Ат-Башы райондук мамадминистрациясы «Жылдын мыкты мугалими» деп тапкан, ошондой эле 2015-жылы «Мыкты устат» наамын алган болчу.

«2013-жылдан бери 4 команда даярдап чыктым. Манас таанууга катышкан окуучуларыбыз абдан жемиштүү десем болот. Мында балдар, “Манас” эпосун тереңден билип, аны ийне-жибине чейин үйрөнүп, сүйлөө кеби калыптанып, мыкты окуучулар болуп чыгышат. Мектепте жигердүү иш алып барышат. Көптөгөн байгелүү орундарды алып, ийгиликтерди багындырып келе жатабыз.

Бул ийримге катышкан балдар кийин мектепти аяктаганда көбүнчө филология факультетин тандап кетишет. Манас таануу ийримине жакшы окуган балдарды тандап алабыз. Учурда райондук деңгээлдеги сынакка даярданып жатабыз», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×