Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Нарын облусу, Нарын 20.01.2019 14:42 На русском

«Сыналгы көрүп жатканбыз»: Нарында жүк ташыган унаа турак үйдү сүзүп токтоду (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын шаарында жүк ташуучу унаа турак үйлөрдүн бирин сүзүп токтоду. Окуя кечээ, 19-январда саат 23:30 чамасында катталган.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынан чыккан унаа Кытайга кетип бара жатып шаардын 64 аймагындагы турак үйдү сүзгөн.

Ал эми үй ээси Турат Дүйшөбаевдин айтымында, окуя алар сыналгы көрүп жаткан учурда болгон.


"Кечээ түнкү саат 23:30да үйдө жубайым жана 3 балам менен сыналгы көрүп жатканбыз. Бир маалда тарс деген үн чыкты, баарыбыз төшөккө чүмкөнүп жатып алдык. Электр жарыгы да өчүп калды. Эшикке чыксам "КамАЗ" үйдү сүзүптүр. Айдоочу "мени чыгаргыла, бутум кыпчылып калды" деп кыйкырып жатыптыр. Ошол эле убакта ӨКМдин куткаруучулары, тез жардам жана жол кайгуул кызматы келип калды. Айдоочуну чыгарып алып кетишти. Унаа сүзгөн бөлмөдө жашачу эмеспиз", - деди ал .

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×