Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 18.01.2019 10:21

Айыл турмушу: Мугалимди камерага тартып жатып, чуңкурга түшүп кеткен оператор Н.Рахмановдун кызыктары

Turmush -  Нарын шаарынын 30 жаштагы тургуну Нурбек Рахманов 8 жылдан бери жергиликтүү телеканалда операторлук кызматты аркалап келет. Аймактык кабарчы эфирге чыгып жаткан ар бир маалыматтын өзөгүн коомго жеткирип жаткан жаш оператор менен таанышты.

Нурбек 1989-жылы Балыкчы шаарында туулган. 1996-жылы 1-класска кирип, кийин ата-энесинин жумушуна байланыштуу Нарын шаарына келип, Кычан Жакыпов атындагы орто мектептен билимин уланткан. Орто мектепти 2007-жылы аяктап, Нарын мамлекеттик университетинен жолчу кесибин алып чыккан.

Ал 5 бир тууган: 3 эркек, 2 кыз. Атасы Кулчун Рахманов 60 жашта, ал жергиликтүү телеканалда кабарчы болуп эмгектенсе, апасы Рая Мамбеталиева 58 жаш куракта. Ал Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейде мугалим.

«Мен 2011-жылы мамлекеттик телеканалга жумушка киргем. Алгач катардагы операторлук кызматка кабыл алынып, камера тартуу тартибин, эрежесин толук өздөштүрүп, жумушум менен бирге окуп үйрөндүм. Андан соң 2016-жылдан бери башкы операторлук кызматта иштеп келе жатам. Атам кабарчы болгондуктан ата жолун жолдоп иштеп калдым десем болот. Өзүм теле тармагына абдан кызыкчумун. Азыркы кесибим абдан жагат жана кызыктуу. Ар кандай сюжеттерди тарткандан өзүмө энергия алам, көп адамдар менен баарлашам жана таанышам. Операторлукту алгач жумушка киргенде үйрөнүү кыйын болду. Теледе иштеген байкелердин жардамы менен үйрөнүп кеттим. Мага атам дагы жардам берди. Бул кесипте кыйынчылыктар көп болот. Видео тартуу, монтаждоо жана эфирге чыккан соң ар кандай сын-пикирлер көп эле кездешет. Бирок баарына чыдап, сүйгөн кесибиң менен иштей берсең жеңесиң», - деди ал.

Н.Рахманов: «Мен жумушка жаңы киргенде Жыпариза аттуу кабарчы эже менен камераны карматып съемкага жиберишти. Анда жаш таланттарды тартып жүргөнбүз. Бир кезде камера капкараңгы эле болуп калды, эмне кыларымды билбей калдым. Кабарчы эже "тартып атасыңбы?" дегенинен ооба деп койдум. Тартып бүтүп жумушка барып эле карасам, баягы съемканын үнү бар да видеосу жок. Аны айталбай кыйналгам, коркком. Эже түшүнүп күлүп койду, көрсө камеранын туура эмес жагын басып алыптырмын. Анда азыркыдай флеш-карта менен тарткан камера жок болчу. Болгону эки кассета менен иштеген камера бар эле. Анысы да бирде иштеп, бирде иштебей калчу. Сюжет тартып келгенде аны көп эле өчүрүп алган учурлар болду. Видеону форматтап алып журналисттерден уруш жеген күндөр көп өттү.

Өзүмдүн кесибим боюнча жол тармагында иштеген жагат. Ошондуктан жолчу адистигин тандадым. Өмүр бою эле камера көтөрүп жүрө бербейбиз да», - деди.

Ал жумуштагы окуяларын айтып берди.

«Коркутуулар көп эле болот. Айрыкча милиция кызматкерлери, жол тескөөчүлөр жана башка түзүмдүн өкүлдөрү менен рейддерге чыгып калганда "камераңды талкалап салам, тарт ары, сени таап алам, менден бирди көрөсүң" деген учурлар, ачык эле коркутуулар көп болду. Башында коркчумун, кийин көнүп калдым. Азыр өзүбүз тартып келген материалдарды өзүбүз монтаждайбыз. Съемкаларга анда-санда эле чыкпай калбасак, күндө эле чыгабыз.

Бир жолу Ак-Талаа районунун бир айылынан съемка кылып жүргөнбүз. Айылдын аксакалы өмүр бою мектепте иштеп, пенсияга чыккан экен. Ал атаны каарман кылып тартып жаткам. Бир маалда аксакалды эшиктен да тартайын деп, сыртка чыгарып, ары-бери бастырып жаткам. Образга кирип алган экенмин, терең казылган чуңкурга түшүп кеттим. Камерам үстүмө кулады, карасам огороддун баш жагында казылган чуңкур экен. Ал атанын да көзү жакшы көрбөйт. Ал мени көрбөй эле сүйлөй бериптир. Бир аз болгондо ал да аңга түшүп кетмек экен. Ошентип, чуңкурдан чыгып, күлүп эле жатып калганбыз», - деди ал.

Нурбек учурда үй-бүлөлүү, жубайы менен 1 кызды тарбиялап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×