Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 17.01.2019 18:19

Айыл турмушу: Бир кезде чакырууларга чана менен барган Б.Жолбунова 39 жылдан бери балдарды дарылайт

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Бурул Жолбунова «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланып, 39 жылдан бери айылдаштарынын ден соолугун көзөмөлдөп келет. Балдар дарыгери менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1955-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Кичине чагында эле дарыгер болууну максат кылып, айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтундагы педиатр бөлүмүндө окуп баштаган. 1980-жылы окууну аяктап, интернатураны Нарын облустук ооруканасында өткөргөн. 1981-жылы Ак-Муз айылдык ооруканасына келип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат.

«Совет убагында айылыгыбыз 140 сом болчу. Ал кезде окууну бүткөндө мамлекет кайсы район, шаарга жөнөтсө, ошол аймакка барып иштечүбүз. Азыркы жаштардай шарт талап кылчу эмеспиз. 1981-жылы Ак-Муз айылдык ооруканасына келип иштеп баштадым. Чакыруу түшсө, ооруп жаткан адамга түн ичи болобу же үйүңдө конок болобу ага карабай барып, жардам көрсөтчүбүз. Айылда унаа жокко эсе болчу. Андыктан чакырууларга ат, чана менен барчубуз. Адам үйүндө ооруп жатса, бир чети кыштын суугу болсо тез жетели деп, катуу ылдамдыкта кетип бара жатып чанадан ооп түшүп калчубуз. Биздин тоголонуп түшүп калганыбызды алып бара жаткан адам байкабай кетип калган учурлар көп эле болгон. Ал убакта Ак-Музда кышкысын өзгөчө суук, кар калың, бороон көп болчу. Азыр ар бир үйдө техника бар. Чакыруу түшүп калса, унаасы менен үйдөн келип алып кетишет же биз унаа менен бара калабыз.

Сакмал учурунда оорукананын "Uaz Devid" кызматтык унаасы менен чабандардын ден соолугун текшерип барчубуз. Кээде ал унаабыз кар күрткүгө, баткакка тыгылып, аны түртүп чыгарып алып андан ары жолубузду улап иштеген күндөр болгон. Эсимде, бир жылы Ак-Муз айылынан 30 км алыстыкта жайгашкан Көкүмбөз жайлоосундагы бир чабандын баласы ооруп калды. Ооруканага жат десек, мал кароого эч ким жок деп болбойт. Колхоз ал чабандын баласына барып келгенге күйүүчү май куюп берип, күнүгө эки маал барып, ийне сайып дарылаганбыз. Ошол кезде мамлекет элге жакшы көңүл бөлчү экен. Азыр эркин мамлекетте баланы ата-эне өзү дарыланууга алып келет. Баланын саламаттыгы үчүн керектүү маалыматтарды алып, дарыгердин кеп-кеңешин алып турушат», - деди дарыгер.

Бурул Жолбунова: «Балдардын оорулары жыл өткөн сайын өзгөрүп турарын байкадым. Мындан 20 жыл мурун балдар арасында итий, гипотрофия, суук тийүү оорулары көп кездешсе, учурда аз кандуулук оорусу көп болууда. Айрым айыл тургундары балдарды эмдөөдөн баш тарткан учурлар кездешүүдө. Ар бир 10 жылда жугуштуу оорулар өсүш берип турат. Эмдөө албаган балдар жугуштуу оорулар менен биринчи болуп ооруйт, курч өтөт жана башкаларга да жугузушат. Ушул маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралып жатат.

Кадр маселеси чечилбей келе жатат. Ак-Муз аймактык оорукасында бир дарыгер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда эки дарыгер барбыз. Экөөбүз тең пенсияга чыкканбыз. Бирок биздин ордубузга дарыгер жок болгондуктан иштеп келе жатабыз. Жаш дарыгерлер келбей жатышат. Келечекте айылыбыздын патриот уул-кыздары келип, эл үчүн иштешет деген ойдомун. Өз кесибин сүйгөн дарыгер кандай гана татаал шарт болбосун иштеп кетет», - деди.

Бурул Жолбунова айылдын, райондун жана облустун ардактуу атуулу болгон. Жолдошу Үмөтакун Саалаев менен биргеликте 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×