Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 17.01.2019 13:20

Айыл турмушу: Гезитти коюн-колтугуна катып уурдаган дарыгерди далай жолу кармаган Т.Мамбеткулова (сүрөт)

Turmush -  Маданияттын мыкты кызматкери Турганбүбү Мамбеткулова 40 жылдан бери китепканада эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Турганбүбү Мамбеткулова 1959-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепти аяктап, китепканачынын окуусун окуп, китепканага кызматка орношкон.

Анын айтымында, мындан 40 жыл мурда китептер байма-бай келип, окурмандар дагы билимдүү болгон.

«Элдер мени Зууракан деп айтышат. 7 жашыма чейин ата-энемдин колунда тарбияланып, андан кийин 1976-жылга чейин советтик мектепте окудум. 1977-жылы Ат-Башы райондук китепканага келип, 3 жылга чейин декреттик өргүүгө кеткен жумушчунун ордунда иштегем. 1979-жылы турмушка чыктым. Токмоктогу маданий агартуу окуу жайын сырттан окуп бүттүм. Андан бери райондук китепкананын окуу залында иштеп келе жатам.

Мурда айына 30 000 китеп келчү, почта менен эле салып жиберишчү. Ошол китептерди айылдарга бөлчүбүз. Жума сайын ар бир китепканага жеткирчүбүз. Ошол эле убакта колхоздун чөбүндө иштедик. Жума күнү кетебиз, ишемби жана жекшемби күнү иштейбиз, кайра дүйшөмбү күнү жумушка келебиз. Иштеш керек деген мыйзам бар болчу. Шарактап күлүп, кесиптештер менен кайра келчүбүз.

Союз тарагандан кийин баягыдай китептер келбей калды. Басмаканалар дагы иштебей, жоюлуп кетти. Ч.Айтматов, А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаевдин чыгармалары, жаңы адабияттар 2 жылдан бери келип жатат.

40 жыл мурда бир топ жашка келген пенсионерлер, мектеп директорлор көп келчү. Осоев деген бир киши бар болчу. Китепти жакшы окучу, өзүнүн окугандарын бизге айтып түшүндүрчү. Азыр да келишет, бирок мурдагылардай эмес. Мурдагылар өтө билимдүү болчу», - деди ал.

Турганбүбү Мамбеткулова китепканада болгон окуяларды да айтып берди.

«Бир дарыгер киши бар болчу. Дайыма гезит уурдачу, байкуш киши. Коюн-колтугуна салып эле жөнөчү. Акырын эле чөнтөгүнөн сууруп чыкчумун. “Койчу, гезит уурдаган киши да уурубу” деп калчу. Китеп уурдагандар да болчу. Энциклопедиянын барактарын кайчы, лезвия менен кесип кетишчү. Биз кайра ошонун баарын жазып чыкчубуз. Азыр болсо көчүрмөдөн өткөрө калабыз дагы чаптайбыз», - деди ал.

Турганбүбү Мамбеткулова райондук китепкананын, маданият бөлүмүнүн, Ат-Башы райондук мамадминистрациясынын, облустук маданият бөлүмүнүн, облустук мамадминистрациясынын, Маданият министрлигинин грамотасын алган. Маданияттын мыкты кызматкери, ардагер китепканачы А.Осмонов атындагы китепкананын дипломунун ээси.

Анын 4 баласы, 13 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×