Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 17.01.2019 09:22 На русском

Айыл турмушу: Гүл ачканда төлгө кылган А.Шамуратова (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Айнура Шамуратова бөлмө гүлдөрүнүн түрүн өстүрүп, аларга кам көрүүнүн сырлары менен тең бөлүштү.

Айнура Шамуратова жаш кезинен бери эле бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, алардан ырахат алат. Ар бир гүлдүн саргайып калган жалбырагын, соолуп калган сабактарын жулуп, тазалап турат. Ал саргайган жалбырак же соолуган гүл үйгө негативди тартат дейт.

«Жаш кезимен эле бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, алар менен сүйлөшүп, ар бирине өзгөчө көңүл буруп келем. Гүлдөрдү жакшы көрөрүмдү билген жакындарым чет мамлекеттен гүл алып келип белекке беришкен. Учурда шартыма байланыштуу гүлдөрдүн түрүн азайтып, тааныштарыма таратып бердим. Бажырайып ачып турган гүлдөр маанайды көтөрүп, үйдүн ичин көрккө бөлөйт. Гүлдөр ачып баштаганда баштаган ишти төлгө кылып, ырым кылам», - дейт Айнура Шамуратова.

Ал абысындарына жана кыздарына да гүл өстүрүп берет.

«Гүлдөрдүн жалбырагындагы чаңдарды сүрүп, тазалоо зарыл. Айрым гүлдөр сууну аз талап кылса, кээ бирөөсү күндү же көлөкөнү жактырат. Ар бир гүлдүн эбин, кыялын таап өстүрсө, жакшы өсөт. Кээ бир гүлдөр ордун алмаштырууну каалабайт. Негизинен гүлдөр жылуулукту жакшы көрөт. Бизде кышкысын суук богондуктан гүлдөрдүн өсүүсү жайлап, өңү да башкача болуп калат. Гүлдөр жакшы өсүүсү үчүн жумуртканын сыртын топурагына салып койчумун. Ден соолугума кам көрүп, бир фирманын чайларын ичип, калдыктарын гүл челектерге салып коём. Бул да жакшы жардам берет экен», - деди Айнура Шамуратова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×