Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 17.01.2019 08:44

Айыл турмушу: Ат-башылыктарга келин болгон жалал-абаддык Г.Мамытова лагмандын камырын жасап киреше табууда

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Гүлжамал Мамытова айыл элине тамак жасап кызмат көрсөтүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлжамал Мамытова 1988-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлүп, ушул жерде өскөн.

«Лагмандын камырын чойгонду окуучу кезимден үйрөнгөм. Үй-бүлөмө лагман жасаганда камырын колго чоюп жасап берип келем. Айылдагылар лагмандын камырына, самсы, булочкага буйрутма беришет. Ашпозчу боюнча атайын билимим жок. Бирок бир көргөндө же интернеттен окуп жасай алам. Натыйжасы жакшы болот. Камырды жакшы чоёсуң деп калышат. Лагмандын камырынын килограммын 75 сомдон чоюп сатам. Камырды ийлеп, майлап тыныктырып, улам ичкертип, кайра тыныктырып турса жакшы чоюлат. Бышырганда да сууга май куюп койсо, жабышпай жакшы бышат», - дейт ал.

Гүлжамал Мамытова: «Атайын чоң той же куда тоскондорго ашпозчу болуп барууга ниетим бар. Бирок балдарым кичине болгондуктан бара албай жатам. Тамак-аш жасап сатып киреше тапса болот. Келечекте чакан ашкана иштетүү планымда бар. Үйдө бош отурбай буйрутма менен шырдак жөрмөйм. Түштүк тарапта шырдак көп колдонулбайт. Шырдак жөрмөп, шырыганды бул жакка келин болуп келгенден кийин үйрөндүм», - деп кошумчалады.

Гүлжамал Мамытова үй-бүлөлүү, 3 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×