Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 20.01.2019 14:35 На русском

«Балдарымдын тогузу жер үстүндө, тогузу жер астында»: Уулун 40 градус суукта төрөгөн Айшен апа

Turmush -  16 жашында турмушка чыгып, татаал күндөрдү өткөргөн баатыр эне Айшен Осмонова учурда 9 баланын, 39 небере жана 23 чөбөрөнүн апасы. Ал келининин чайын ичип, балдарынын сыйын көрүп жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Айшен апа 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ал 7 бир тууган болуп, бирок баары көз жумуп, өзү жалгыз калган. 16 жашында Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылына келин болгон. Андан соң жолдошу экөө Ак-Сай өрөөнүндө 32 жыл бою мал багып, ак эмгеги менен райондогу алдыңкы чабандардан болуп, Москвага чейин барып турушкан. Ысык-суукта көп жүрүп, түйшүк тарткан баатыр эне учурда 6 айда бир дарыланып турат.

Түн ичинде төрөп, эртең менен белимди бекем курчап алып туруп кетчүмүн....

18 бала төрөдүм, тогузу жер үстүндө, тогузу жер астында. 32 жыл чабан болуп, мал багып иштегенбиз. Абышкамдын көзү өтүп кетти, ал бир нече сыйлык менен сыйланды. Кийинчерээк өзүм ооруп калдым. Ак-Сайда кыштын кыраан чилдесинде боз үйдө кыштачубуз, азыркы жаштарга жыргал. Улуу балам 4-январда боз үйдө 40 градус суук болуп жатканда төрөлгөн. Ошол уулум 7 айлык болуп төрөлгөн, ал азыр 8 балалуу болду. Келиним баатыр эне, азыр ушул баламдын колундамын.

Башыбыздан далай окуялар өтүп, өйдө-ылдый болду. Бир орден беришкен, ал жоголуп, өзүм калдым. Талаада көчүп жүрүп буюмдарыбызды жоготтук. Бала да, мал да бактым. Түн ичинде төрөп, эртең менен белимди бекем курчап алып туруп кетчүмүн. Бээ саап, жумуш жасап, кир жуучумун. Көчкөндө далай кыйынчылыктар болду. Төөбүз кулап, далай идиш-аяктарыбыз сынган учурлар болду. Бир жылдары 30 койдон тең 3 эм козу туулуп, ардактуу чабан аталып, бизге унаа беришкен. Абышкамды алтын медаль, мени япон жоолук менен сыйлашкан.

Баатыр эне балдарына ыраазы

Учурда жалпы 9000 сом пенсия алам. Ден соолугума байланыштуу 6 айда бир дарыланып турам. Оозумдан, өтүмдөн операция болдум. Балдарыма ыраазымын, камкор, жакшы адамдардан болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×