Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 15.01.2019 10:11 На русском

Айыл турмушу: Кардардын чачын бузуп алып кырып салган Б.Жангараева союздан бери чачтарач болуп иштейт (видео, сүрөт)

Turmush -  56 жаштагы Бурмаш Жангараева 37 жылдан бери чачтарач болуп иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бурмаш Жангараева 1962-жылы 18-мартта Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ошол жерден 10-классты бүтүп, 1980-жылы Бишкектеги №7 кесиптик лицейинде билим алып, 1981-жылы чачтарачтык кесипти алып чыккан. Ат-Башыда 2 ай өндүрүштүк практикада жүргөн.

Ал 1981-жылдын сентябрь айынан баштап ушул мезгилге чейин Ат-Башы айылындагы комбинатта чачтарач болуп иштеп келе жатат. Бурмаш айымды айылдан бери издеп келген кардарлардын саны аз эмес. Бирок мурдагыга салыштырмалуу кардарлардын саны суюлуп бара жатканын айтты. Аны кийинки убактарда сулуулук салондорунун көбөйгөнү менен түшүндүрдү.

«Мен 20 жашымда Ат-Башы айылындагы жигитке турмушка чыктым. Үй-бүлө менен жумушту чогуу алып кеттим десем болот. Союз тараганга чейин Ат-Башы району боюнча жалгыз эле чачтарач биз болчубуз. Ушул жерде райондогу элдердин бардыгы бизге келип, чачын алдырышчу. Союз тарагандан кийин жумуш жок болуп калды. Ошол мезгилде дагы ушул жерде эле отурдук. Андан кийин кайра жанданган. Ал эми акыркы 2-3 жылдан бери биздин жумушубуз кичине солгундап калды. Себеби, бизден кийинки жаштар 1-3-6 айлык курстарды окуп келип, иштеп жатышат. Район ичинде 10 чакты чачтарач ачылды. Ошого байланыштуу биздин кардарларыбыз дагы азайгансып калды. Ошого карабастан ушул жерде иштеп жатабыз. Бир күнү кардар бар болсо, кээде жок болуп калат. Айрым учурларда баары келип алышат. Моделге жараша баасы болот, моделдик стилге 120 сом, спорттук стилге 100 сом, балдардан 60-80 сомдон алабыз», - деди ал.

Бурмаш Жангараева: «Кесипти сүйгөндүктөн кардар жок болсо дагы ушул жерде отурабыз. Комбинатты кайтарып (күлүп). Пенсияга деле жаңы эле чыктым, 3367 сом алам. Кеч чыкканымдын себеби, бул жакка төлөөнүүчү патенттин акчасын көп жыл бою башка адамдын наамына төлөп жүрө бериптирбиз. Ижарага айына 3000 сомдон төлөйбүз. Өзүн актаганга аракет кылабыз. Салыкка төлөйбүз. Дайыма келген кардарларыбыз бар. Алар менен кобурашып сүйлөшөбүз. Көнүп алган ишибизге эле байланып калдык.

Жумушка жаңы келгенде 1 киши келди. Анын чачын бузуп алып, чачынын баарын кырып салганга туура келген. Ошону да урушпай туура кабыл алган. Мейли үйрөнөсүң деген. Ошол кардарды эстейм, “чач албаса, кайдан үйрөнөт эле” деп отуруп берген. Мурда ушул комбинатта көп адам иштечү. Майрамдардын баарын чогуу тосчу элек. Азыр баары өз алдынча болуп калды», - деди.

Чачтарач эже жумушунда кардарын күтүп отуруп, ортодо түймө түйүп, сайма саят. Кол менен жасалган эмгектеринин да ээлери табылып, анда-санда киреше таап турат.

Ал үй-бүлөлүү, 2 уулу, 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×